Берлиндеги окуянын жоопкерчилигин «ИМ» өзүнө алды

полиция Сүрөттүн автордук укугу Getty Images

Берлиндеги жармаңке учурунда болгон каргашалуу окуянын жоопкерчилигин өздөрүн «Ислам мамлекети» атаган экстремисттик топ өзүнө алды.

Билдирүү террордук уюмга таандык интернет сайтка жарыяланган. Анда аткаруучуларды «Ислам мамлекетинин жоокери» деп аташкан.

19-декабрда Берлиндеги жаңы жылга арналган жармаңке учурунда оор жүк тарткан унаа элди тебелетип айдап, бир нече метр жерге чейин кирип барган. Бул окуядан 12 киши каза таап, 48 адам жаракат алган. Германиянын Ички иштер министри Томас де Майзиер бул атайын жасалган чабуул экенине шек жок деп билдирген болчу.

Жүк ташуучу унаанын айдоочусу кармалганы айтылган. Ал эми унаа ичинен жансыз денеси табылган киши Польша жараны экенин белгилүү болгон. Окуя болгон жерден тартылган сүрөттөр оор жүк ташуучу унаа дагы Польшада катталганын көрсөтүп турат.

Унаа Польшада курулуш болуп жаткан жерден уурдалган болушу мүмкүн деген полиция. Унаанын ээси Ариель Зуравски айдоочусу саат төрттөн бери дайынсыз жок болгонун тастыктады. "Биз айдоочубуздан түштөн бери кабарыбыз жок",- деген ал AFP маалымат агенттигине берген маегинде.

Германия бийлиги бул кайгылуу окуяны террористтик чабуул деп атады. Унааны башкарып келген деп кармалган шектүү боюнча полиция кеңири маалымат бере элек.

Тема боюнча башка макалалар