Элчи Карловду өлтүргөн киши тууралуу эмне билебиз?

Мевлют Мерт Алтынташ Сүрөттүн автордук укугу AP
Image caption Маалыматтарга караганда Мевлют Мерт Алтынташ 1994-жылы 24-июнда Айдын провинциясында туулган. Ал Измирдеги полиция окуу жайын бүтүрүп, эки жарым жылдай Анкарадагы полициянын атайын бөлүгүндө иштеген.

Орусиянын Түркиядагы элчиси Андрей Карловдун өлүмүнө катыштыгы бар деген шек менен түрк полициясы алты кишини камакка алды.

Алардын баары элчиге ок аткан 22 жаштагы полиция кызматкери Мевлют Алтынташтын туугандары же жакын тааныштары.

Тергөөнүн жүрүшү тууралуу анонимдүү комментарий берген Түркиянын укук коргоо органдары, кол салган адам белгилүү динаятчы Фетхуллах Гүлен негиздеген кыймыл менен байланышта болгон деп көрсөтүүдө. Түрк бийлиги Гүленди ишке ашпай калган аскер төңкөрүшүн уюштурган деп айыптап келүүдө.

Бирок Алтынташтын аракети Гүлендин тарапташтары карманган пикир менен карама-каршы келет. Анын үстүнө Гүлен элчиге кол салууну кескин айыптап чыкты.

Дүйшөмбүдө Анкарада Орусиянын Түркиядагы элчиси Андрей Карлов сүрөт көргөзмөсүндө сөз сүйлөп жаткан учурда ок атылган. Алтынташ бул иш-чарага полиция күбөлүгү менен костюмчан келген. Андан эч ким шек санаган эмес.

Демонстрацияларды таратуунун адиси

Анадолу агенттигинин маалыматына караганда Айдын провинциясында Алтынташтын апасы, атасы, эжеси жана эки бир тууганы камакка алынган. Ошондой эле Анкарада полиция анын коңшусун суракка алган.

Маалыматтарга караганда Мевлют Мерт Алтынташ 1994-жылы 24-июнда Айдын провинциясында туулган. Ал Измирдеги полиция окуу жайын бүтүрүп, эки жарым жылдай Анкарадагы полициянын атайын бөлүгүндө иштеген. Ал иштеген бөлүм массалык иш чаралар учурунда коопсуздукту сактоо жана демонстрацияларды таратууга багытталган.

Ѳткөн аптада Алтынташ кызмат өтөгөн бөлүк Орусиянын Алепподогу аракетине каршы өткөн акцияны көзөмөлдөп турганынын полициянын ысымын жашырган өкүлдөрү билдиришкен. Бул митинг Анкарадагы орус элчилигинин имаратынын жанында болгон.

Гүлендин жактоочусубу же Асаддын каршылашыбы?

Бир катар полиция жетекчилери элчини аткан полиция Гүлен кыймылы менен байланышта болгон болушу мүмкүн деген жоромолду айтышууда. Бирок айрым түркиялык басылмалар аскердик төңкөрүш учурунда Алтынташ Эрдоганды активдүү колдогонун жазышты.

Журналисттердин маалыматына караганда төңкөрүш уюштургандар көчөгө чыккан учурда Алтынташ Диярбакырда болгон экен. Ал атайын Эрдогандын тарапташтарын коолдоо үчүн Анкарага келген.

Элчини аткандан кийин Алтынташ: "Алеппону унутпа, Сириянын унутпа! Бул кылмышты кылгандардын баары жазаланат!", -деп кыйкырган. Бул чакырыктар Гүлендин тарапташтарына сөзүнө эмес, көбүрөөк Асаддын режими менен күрөшүп жаткан көтөрүлүшчүлөргө окшошот.

АКШда жашаган белгилүү динаятчы, Түркиянын президентини саясый оппоненти Фетхуллах Гүлен өзүнүн маектеринде Асадка лоялдуу карарын айтканы бар. Анын үстүнө ал орус элчисине кол салууну кескин айыптады. (AbA)

Тема боюнча башка макалалар