Казакстанда экстремисттерге каршы масштабдуу операция жүрүүдө

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Комитеттин расмий сайтында атайын операция бир эле учурда Алма-Ата, Ак-Төбө, Атырау облустарынын аймагында жана Алма-Ата шаарында өткөнү кабарланды

Казакстандын Улуттук коопсуздук комитети Алма-Атада жана өлкөнүн үч облусунда "Ат-Такфир уаль-Хижра" деп аталган ишмердүүлүгүнө тыюу салынган экстремисттик уюмуна каршы атайын операция өткөрүүдө.

Комитеттин расмий сайтында атайын операция бир эле учурда Алма-Ата, Ак-Төбө, Атырау облустарынын аймагында жана Алма-Ата шаарында өткөнү кабарланды.

Маалыматтарга караганда 16 киши кармалып, алар жашаган үйлөр тинтүүгө алынган. Аларга диний кастыкты козуткан деген айып тагылууда.

"Ат-Такфир уаль-Хижра" уюму АКШ, Орусия, Кытай, Египет, Ливия, Марокко, Тажикистан, Ѳзбекстанда жана башка бир катар өлкөлөрдө тыюу салынган дейт өлкөнүн коопсуздук кызматы. Аталган уюмдун идеологиясы такфиризмге негизделген деп айтылды. Такфиризмди кармангандар арасында зомбулук аракеттерди четке каккандар болгону менен экстремисттик топтор, анын ичинде өздөрүн «Ислам мамлекети» деп атаган экстремисттик топ дагы ушул идеологияны карманат.

2005-жылы Йордания королу Абдулла II демилгеси менен 500дөн ашуун мусулман лидерлери экстремизм динге жат көрүнүш деп айыптап, такфиризмди кармангандарды динден тайгандар деп жарыялаган «Амман кайрылуусун » кабыл алышкан.