Берлиндеги чабуул: Тунисттик жараан полицияда катталган болчу

Анис Амри Германияга баш паанек алууну көздөгөн
Image caption Анис Амри Германияга баш паанек алууну көздөгөн

Берлинде 49 киши жараат алып, 12 адамдын өмүрүн кыйган чабуулду жасаган деп шектелген адам мурда эле Германиянын укук коргоо органдарынын көзөмөлүндө болчу.

Басма сөз каражаттарынын билдирүүсүндө тунисттик 24 жаштагы Анис Амри курал сатып алуу үчүн уурулук кылууну пландаштырып жаткандыгы үчүн укук коргоо органдары тарабынан көз кырында жүргөн экен.

Бирок далил жетишпегендиктен Амринин үстүнөн көзөмөл кылуу токтотулган экен.

Германиялык полиция Берлиндеги чабуулга чейин Амри коркунучтуу кылмышкерлердин тизмесине киргизди. Бул тизмедеги адамдар дайыма текшерилип турат.

Андан тышкары Амринин Германияга келгенден кийин баш паанек алуу суранычы июнь айында четке кагылганы белгилүү болду.

Тунисттик жаранды бүтүндөй Европа боюнча издеп жатышат. Ал куралчан болуп, башка адамдарга коркунуч жаратышы мүмкүн.

Анын кайсыл жерде жүргөндүгү тууралуу маалымат үчүн 100 миң евро сүйүнчүсү берилет.

19-декабрда Берлинде жүк тарткан унаа жаңы жылга арналган жарманкеде адамдарды тебелеп, 12 адам курман болду. (UA)

Тектеш темалар

Тема боюнча башка макалалар