Тажикстан «Урал аба жолдорунун» каттамдарын кабыл албайт

«Урал аба жолдорунун» Краснодар, Уфа, Челябинск, Красноярск багыты боюнча каттамдары убактылуу Тажикстанга учпайт. Сүрөттүн автордук укугу RIA NOVOSTI
Image caption «Урал аба жолдорунун» Краснодар, Уфа, Челябинск, Красноярск багыты боюнча каттамдары убактылуу Тажикстанга учпайт.

Тажик бийлиги Орусиянын төрт шаарынан каттамдарды жасаган «Урал аба жолдорунун» каттамдарын кабыл албай турганын билдирди.

Мунун алдында Орусия жума күнү тажикстандык Somon Air авикомпаниясынын учууларын токто турганын билдирген. Мындай чечим тажик тарап Орусиянын Жуковский аба майданынан учкан «Ямал» компаниясынын учууларын кабыл албай койгондо жооп иретинде жасалганы айтылган эле.

Бейшембиде Москвада болгон эки өлкөнүн авиация боюнча расмийлеринин сүйлөшүүлөрүнөн жыйынтык чыккан жок деп кабарлайт Интерфакс агенттиги. Агенттик Орусиянын Транспорт министрлигине шилтеме жасаган.

"Тажик тарап Жуковский аба майданынан учкан учактарды кабыл албай эки өлкө ортосундагы келишимдерди жана 2016-жылдын 7-ноябрында кол коюлган протоколду бузду-деди Орусиянын Транспорт министрлигинин өкүлү.-Буга жооп иретинде орус тарап тажикстандык Somon Air авикомпаниясынын Орусия аймагына учууларын 23-декабрдан тарта токтот».

Сүйлөшүүлөр кечээ кечинде Москва бардык аба каттамдарын токтоторун билдиргенден кийин башталган. Тажикстандын авиация министрлиги «Ямалдын» Дүйшөмбү жана Хужандка учууларын кабыл албай койгон себебин, учурда каттамдар жетиштүү болуп жатканы менен түшүндүргөн.

Сүрөттүн автордук укугу RIA NOVOSTI
Image caption Жаңы ишке киригизилген аэропорт чоңдугу боюнча Шереметьево, Домодедово жана Внуководон кийинки эле орунда аталып жатат

Жуковский аба майданы ачылганга чейин эки тажикстандык компания- Tajik Air жана жеке менчик Somon Air Москванын Домодедово аба майданы аркылуу каттамдарды ишке ашырып келген. Ушул эле аба майданынан Дүйшөмбүгө орусиялык S7компаниясы дагы каттамдарды ишке ашырат. Тажик тарап аба каттамдары паритеттик негизде болуш керек деген жүйө келтирип жатат.

Внуководон дагы бир орусиялык UTair компаниясы Тажикстанга каттайт. Азыр жаңы ишке киригизилген аэропорт чоңдугу боюнча Шереметьево, Домодедово жана Внуководон кийинки эле орунда аталып жатат. Бул жерден аптасына үч же эки жолу «Урал аба жолдоруну» учууларды жасап жатат.

Бул Орусия менен Тажикстандын аба каттамдары боюнча экинчи чатакташуусу. Буга чейин Дүйшөмбү «Урал аба жолдорунун» учууларын кабыл албай койгон. Орусия болсо Жуковский аба майданы Москва шаарына карабайт, ал Раменское шаарында жайгашкан, ошондуктан квотанын буга тиешеси жок деп түшүндүргөн.

«Мурдагы советтик өлкөлөр өз аймагына каттаган орусиялык компанияларга квота киргизип алган. Анткени жергиликтүү компаниялар атаандаштыкка туруштук бериши кыйын»,- деп орусиялык чиновниктин түшүндүрмөсүн "Ведомости" басылмасы жазды.