Германияда террорго байланышы бар эки адам кармалды

Курман болгондордун элесине шамдар жагылып, гүлдөр коюлган Сүрөттүн автордук укугу AP
Image caption Курман болгондордун элесине шамдар жагылып, гүлдөр коюлган

Германия менен Даниянын чек арасына жакын жайгашкан Оберхаузен шаарындагы соода борборунда чабуул жасоону пландаштырып жатат деген шектөөлөр менен эки адам кармалды.

Косоводо төрөлгөн 31 жана 28 жаштагы бир туугандар жума күнү Дуйсбург шаарында кармалган.

Дүйшөмбү күнү Берлинде 12 адамдын өмүрүн кыйган террордук чабуулдан кийин Германияда коопсуздук күчөтүлгөн.

Ал арада жаңы жылга арналган жармаңке учурунда чабуул жасаган Тунисттин жараны Анис Амрини бүтүндөй Европа боюнча издеп жатышат.

Жума күнү косоволук эки бир туугандын кармалганы менен Берлиндеги чабуулдун ортосунда байланыш жок.

Германиялык расмийлер жүк тарткан унаанын ичинде алынган бармак издери Анис Амриге таандык экенин тастыкташты.

Жабдыгыңыз медианын бул түрүн ойнотууга ылайыктуу эмес.
Жүк тарткан унаа жарманкеге кирип барганын Такси унаасындагы видео регистратор тартып алган

Тунисте калган анын үй-бүлөсү Анисти полицияга келип колго түшүп берүүгө чакырып жатат.

Берлиндин чабуул болгон жердеги Брейтшейдплатз жармаңкеси кайрадан ачылды. Бирок анда музыка ойнотулган жок жана жарыктары күңүрт күйүп турат.

Курман болгондордун элесине шамдар жагылып, гүлдөр коюлган. Каза болгондордун арасында алты германиялыктар, израилдик турист, италиялык аял жана унаанын польшалык айдоочусу бар. Полиция мындай чабуулдар кайталанып кетпеши үчүн аянттын тегерегин бетон тосмолор менен курчап койду.

"Эгерде менин мени агам азыр угуп жатса, мен ага үй-бүлөбүз үчүн өзү полицияга кел деп айтабыз", - деди Анистин бир тууган иниси Тунисте кабарчыларга берген маегинде.

"Эгер шектелип жаткан кылмышты жасаган болсо, ал жазасын тартышы керек. Бирок агам күнөөсүз экенинде шек жок. Үйдөн каражаттын тартыш болгонуна байланыштуу кеткен. Иштеп, үй-бүлөгө жардам берүү үчүн кеткен, террордук чабуул жасаганга эмес",- деди ал.

Анын бир туугандары Абделкадир менен Валид Анис Италияда түрмөдө үч жарым жыл олтуруп чыккандан кийин көз караштары абдан өзгөрүп кеткенин айтышты.

Сүрөттүн автордук укугу EPA
Image caption Анис Амринин үй-бүлөсү анын портретин ортого алып, ойго түшүп жаткан учуру

Бирок Валид Анис менен он күн мурда сүйлөшкөнүн билдирди. Анда Анис Туниске январь айында кайтып келем деп айткан. "Ал Туниске келгенде унаа сатып алып, иш баштаганга акча чогултуп жаткан".

Германиялык тергөөчү Амринин бармак издери жүк тарткан унаанын кабинасынын ичинде ар кайсы жерлеринде табылганын билдирди. "Иликтөөлөр көрсөткөндөй Анис унааны айдаган", - деди тергөөчү Фраук Көхлер

Тема боюнча башка макалалар