Коргоо министрлиги: Ту-154 техникалык жактан оң болчу

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images

Кара деңизде кыйроого учураган Ту-154 учагы техникалык жаткан оң болчу деп билдирди Орусиянын Куралдуу күчтөрүнүн учуу коопсуздугу кызматынын жетекчиси Сергей Байнетов.

Ошондой эле экипаждын командири майор Роман Волков биринчи класстагы учкуч болуп, Сирияга учууларды бир нече жолу ишке ашырган экен.

Сүрөттүн автордук укугу AP

Кара деңизде издөө иштери улантылып жатат. Кырсыкка себеп болгон жагдайлар тыкыр иликтенет дейт расмийлер. Орусия аза күтүү күнүн жарыялады. Ту-154 учагы Адлерден учуп чыккандан эки минутадан кийин кыйроого учурап, Кара деңизге кулап түшкөн.

Коргоо министрлигине таандык учакта 92 жүргүнчү болгон. Учактагылардын 68и Александров атындагы ансамблдин артисттери жана журналисттер, дарыгерлер болгон. Учакта укук коргоочу Елизавета Глинка да болгону кабарланды. (AbA)