Япон премьери Гавай аралдарына иш сапары менен келди

Япониянын премьер-министри Синдзо Абэ Сүрөттүн автордук укугу Getty Images

Япониянын премьер-министри Синдзо Абэ 1941-жылы япондук авиация тарабынан бомбалоого алынган Гавай аралдарына расмий иш сапары менен келди.

Ѳзүнүн эки күндүк иш сапарынын алгачкы күнү Абэ экинчи дүйнөлүк согуш учурунда япондук бомбалоодон каза тапкан америкалык аскерлер үчүн тургузулган Гонолулу мемориалында болду. Иш сапарынын экинчи күнү ал Перл-Харбордо болот деп күтүлүүдө. Бул жер 1941-жылы япондук авиациянын биринчи бутасы болгон, чабуул АКШнын аскер-деңиз базасына жолдонгон. Аба чабуулунан эки жарым миңдей киши каза тапкан.

Абэ Перл-Харбор эстелигине АКШ президенти Барак Обама менен бирге барышы күтүлүп жатат. Лидерлер расмий жолгушуу өткөрүшөт. Обама үчүн бул президенттик кызматындагы Япония менен акыркы сүйлөшүүсү болуп калмакчы.

Абэнин айтымында, бул жолугушуу учурунда буга чейинки төрт жыл ичиндеги макулдашуулардын баарынын жыйынтыгын чыгарууга мүмкүн болот. Япония менен АКШ ортосундагы кызматташтыктын маанилүүлүгү жана аны чыңдоо үчүн жасалган аракеттердин жыйынтыгын чыгарабыз деген япон премьери.

Абэнин администрациясы премьер-министр Перл-Харбордогу чабуулдар үчүн АКШдан кечирим сурабайт деп билдирди. Бирок каза тапкандардын жакындарына жана жабыр тарткандарга көңүл айтуу ниети бар экенин айтылды.

Көптөр Абэнин Перл-Харборго иш сапарын май айындагы Обаманын Хиросима шаарына жасаган иш сапарына жооп катары карашууда. Хиросимага АКШ Экинчи Дүйнөлүк согуш учурунда атомдук бомба таштаган. Обама АКШ тарыхындагы биринчи жолу президентик кызматта туруп бул шаарга келген расмий болуп калды.

Абэ болсо Гавай аралдарына келген биринчи япониялык расмий эмес. 1956-жылы Перл-Харборго премьер-министр Итиро Хатояма келген. Андан кийин 1957-жылы анын мураскери Нобусукэ Киси дагы келип кеткен.

Перл-Харборго кол салуу 1941-жылдын 7-декабрында болгон. Ал кезде япондук аба күчтөрү америкалык 20 аскер кемесин чөктүрүп, 200дөй учакты жок кылган. Бул окуя Япония багынып бергенден кийин АКШнын Хиросима менен Нагасакиге атом бомбасын таштоосуна шылтоо болуп берген. (AbA)