Куба Фидель Кастронун керт башына сыйынууга тыюу салды

Фидель Кастро Сүрөттүн автордук укугу Empics

Кубанын парламенти жакында эле каза тапкан өлкө лидери маркум Фидель Кастронун ысымын көчөлөргө же башка бир объектилерге ыйгарууга, анын ысымы менен наам, сыйлыктарды атоого тыюу салды.

Куба президенти Рауль Кастро, агасы жеке адамдын керт башына сыйынууга каршы чыгып келгенин, бул мыйзам маркумдун эркине дал келгенин белгилеген.

Фидель Кастро 91 жашында ушул жылдан 26-ноябрь күнү каза тапкан эле. 1959-жылы 1-январда Кастронун башчылыгы астында көтөрүлүшчүл армия Гаванага кирген. Бир нече убакыттан кийин Кастро өлкөнүн өкмөтүн башкарып, премьер-министр болгон.

Кастро бийликте дээрлик элүү жылдай туруп, Кубаны башкарды. 2008-жылы ал кызматын иниси Раулга өткөрүп берген.