Орусиянын расмийлери допинг программанын бар экенин кабыл алды

Адистердин айтымында Орусиянын допинг боюнча программасы Сочидеги олимпиада оюндарына багытталган
Image caption Адистердин айтымында Орусиянын допинг боюнча программасы Сочидеги олимпиада оюндарына багытталган

Орусиянын расмийлери өлкөдө допинг программанын бар экенин мойнуна алды. Бул программа ишке ашырылган атайын лабараторияда 1400дөн ашык допинг тесттер жок кылынган деп кабарлайт ББСнин спорт кабарчысы Дэн Роуен.

9-декабрьда жасалган докладда 2011 жылдан 2015-жылга чейинки убакытта миңден ашуун Орусиялык спортчу аталган программадан пайдаланганын жазылган.

Нью Йорк таймс гезитине берген маегинде Орусиянын расмийлери допинг программанын бар экенин кабыл алды, бирок бул программа мамлекет тарабынан каржыланган деген айыптоону четке какты.

Орусиянын доппинге каршы агенттигинин учурдагы жетекчиси Анна Анцелович бул институттун жашыруун кутуму деп атады.

Бирок бул кутумда мамлекеттин жогорку расмийлери катышпаганын кошумчалады.

Советтер союзу учурунан бери Орусиянын спорт тармагында көрүнүктүү жетекчи Виталий смирнов Нью Йорк таймска берген маегинде: “Мен бул иштке жоопкерчиликтүүлөрдүн атынан сүйлөгүм келбейт”, деди.

Орусиянын расмийлери өлкөдө допинг программанын бар экенин мойнуна алды. 9-декабрьда жасалган докладда 2011 жылдан 2015-жылга чейинки убакытта миңден ашуун Орусиялык спортчу аталган программадан пайдаланганын жазылган.

Нью Йорк таймс гезитине берген маегинде Орусиянын расмийлери допинг программанын бар экенин кабыл алды, бирок бул программа мамлекет тарабынан каржыланган деген айыптоону четке какты.

Би-Би-Синин спорт кабарчысы Дэн Роан программа ишке ашырылган атайын лабараторияда 1400дөн ашык допинг тесттер жок кылынган деп кабарлады.