Он миңдеген мигранттар өз ыктыяры менен Германиядан чыгып кеткен

Германияга соңку бир жарым жыл ичинде бир миллионго чукул мигрант келди. Сүрөттүн автордук укугу AFP
Image caption Германияга соңку бир жарым жыл ичинде бир миллионго чукул мигрант келди.

Германиялык маалымат каражаттарындагы баяндамаларга караганда бул жылы 55 миң мигрант өз эрки менен бул өлкөнү таштап чыгып кетти.

Бул тууралуу Sueddeutsche Zeitung басылмасы Германиянын миграция жана качкындар боюнча федералдык башкармалыгына шилтеме берип, жазып чыккан. Басылмадагы маалыматтарга караганда өлкөдөн чыгып кеткен мигранттардын басымдуу бөлүгү Батыш Балкандан чыккандар. Алар качкын макамын алалбай калып, депортацияланып кетүүдөн сактанып, өз мекенине кайтып кетишкен. Мыйзамсыз жүргөнү үчүн депортацияга кабылса кайра Германияга кайра кирүүгө мүмкүн болбой калат.

Ошону менен бирге эле Германиядан 2016-жылы 25 миң адам депортацияланды. Ѳз эрки менен чыгып кеткендердин 15 миңи Албаниядан келгендер. Беш миң киши Сербия, Ирак, Косового кайтып кеткен.

Sueddeutsche Zeitung басылмасы Ооганстан, Иран, Иракка кайтып кетүүгө ниеттенген кишилер да көп экенин белгилейт. Маселен, Ооганстанга бул жылы кайтып кетүүнү чечкендер 3 миң 200 кишини түзгөн. Былтыркы жылга салыштырганда бул он эсеге көп.

Германиядан кайтып кетем дегендер көп экени, бир жагы Германия өкмөтү өз ыктыяры менен мекенине кайткан бүлөлөргө компенсация төлөп берип, анын ичинде транспорт каражаттарын да көтөрүп жатканы.

Ушул жылдын декабрында белгилүү болгондой өкмөт мигранттардын мекенине кайтаруу программасына 150 млн евро каржат сарптайт. Качкын макамын алалбай калган мигранттарга көмөк көрсөтүү үчүн жылына 50 млн каражат коротот.

Германияга соңку бир жарым жыл ичинде бир миллионго чукул мигрант келди. 2015-жылы эле 900 миңдей адам качкын макамын алуу үчүн арыз берген.

Тектеш темалар

Тема боюнча башка макалалар