Скарлетт Йоханссон 2016-жылдын эң кирешелүү актрисасы

Скарлетт Йоханссон Сүрөттүн автордук укугу PA

"Форбс" журналы Скарлетт Йоханссонду "2016-жылдагы кинопрокаттан эң көп киреше тапкан актриса» деп атады.

12 айдын ичинде ал катышкан тасмалар, анын ичинде "Капитан Америка: Жарандык согуш», "Аве Цезарь!" тасмалары дүйнөлүк сатыктан 1,2 млрд доллар каражат жыйнаган.

Йоханссондун "Марвел" тасмасындагы өнөктөштөрү Крис Эванс жана Роберт Даунинин кичүүсү экинчи орунда аталууда. Алар ар бири 1,15 млрд доллар каржат жыйнаган. Ѳткөн жылы бул тизменин сап башында Крис Прэтт турган эле. 2014-жылы болсо Женнифер Лоуренс тизмени жетектеген.

"Форбстун" жыл жыйынтыктаган тизмеси дүйнөлүк кинопрокатты иликтеген Box Office Mojo сайтына негизделет. Тизме түзүлгөндө ага анимациялык тасмаларда үн коштогон актерлор киргизилбейт. «Эң капчыктуу» тасмаларда башкы ролду жараткандар гана тизмеге кошулат.

Эң капчыктуу беш актердун катарына австралиялык актриса Марго Робби да кирди. Ал катышкан тасма сатыктан 749 млн доллар жыйнаган.