Ирак күчтөрү Мосулга кайра чабуул койду

Ирак күчтөрү Сүрөттүн автордук укугу Getty Images

Ирак күчтөрү өздөрүн «Ислам мамлекети» деп атаган экстремисттик топтун турумдарына чабуул жаап, Мосулдун чыгыш кварталдарынан сүрүүдө.

Экстремисттик топ бекем чеп катары пайдаланып жаткан Мосулга ушуну менен экинчи ирет чабуул жасалууда. Биринчи чабуул октябрь айында башталган.

АКШ башында турган коалиция билдиргендей, Ирак күчтөрү үч багыт боюнча ийгиликке жетти, шаарга дагы эки жаңы фронт ачылды. Атайын бөлүктөрдүн командири, генерал-лейтенант Абдул-Вахаб аль-Саади Ассошиэйтед пресске чабуул Ирак күчтөрү бекемделгенден кийин кайра башталганын айткан.

Стратегиялык маанилүү көпүрөлөр

Сүрөттүн автордук укугу AM AQ
Image caption Дүйшөмбүдө акыркы иштеп жаткан Тигр дарыясы аркылуу өткөн көпүрө коалициянын аба чабуулунунан улам талкаланган

Дүйшөмбүдө акыркы иштеп жаткан Тигр дарыясы аркылуу өткөн көпүрө коалициянын аба чабуулунунан улам талкаланган. Бул чабуул ирак өкмөтүнүн өтүнүчү менен болгону айтылды. Мосулда беш көпүрө бар эле. БУУ көпүрөлөрдү жок кылуу жайкын тургундарды эвакуация кылганда кыйынчылык жаратарын эскертти.

Шаарга чабуул 17-октябрда башталган. Мосул Ислам мамлекети аталган күчтөрдүн Ирактагы акыркы ири таянычы. Бийликтин айтымында, бул шаарды бошотуу бул өлкөдө "ИМдин" үстүнөн жеңишке жеткендикти билдирет. «ИМдин» лидери Абу Бакр аль-Багдади Ирак менен Сириянын аймагында шарият менен башкарылган халифат түзүлгөнүн так ушул Мосул шаарында жарыялаган эле.

Бул шаарды кайтарып алуу операциясы көп айдан бери артка жылдырылып келди. Мосулду бошотуу операциясына Ирактын коопсуздук күчтөрү, суннит жана күрт ыктыярчылары, шиит топтору катышууда. Аларды АКШ башында турган коалиция аба чабуулдары аркылуу колдоого алууда.

100 миңден ашуун тургун Мосулду таштап чыгып кетти. БУУнун өкүлдөрү бул сандар өкмөттүк күчтөр шаарга тереңдеп кирген сайын көбөйөт деп эскертүүдө.