Майрам күндөрдө социалдык тармактарда олтуруу маанай түшүрөт

"Фейсбук" баракчасында Сүрөттүн автордук укугу iStock

"Фейсбук" баракчасында же башка социалдык тармактарга тынымсыз жарыяланып жаткан досторуңуздун жана тааныштарыңыздын жаңы жылдык маанайдагы сүрөттөрү сиздин көңүлүңүздү көтөрүүнүн ордуна маанайыңызды чөгөрүшү мүмкүн. Бул тууралуу атайын иликтөө жүргүзгөн окумуштуулар айтып чыгышты.

Копенгаген университетинин окумуштуулары "Киберпсихология, жүрүм-түрүм жана социалдык тармактар" аталышындагы изилдөөнүн жыйынтыгын жарыялашты. Анда белгилүү болгондой, интернетке көп кирүү жана көп убакыт олтуруу адамдар арасында көрө албастык сезимдерин жаратышы мүмкүн.

Башка бирөөлөрдүн сүрөттөрүндөгү окуяга жана талкууларына катышпаган соң, аларга көз артуунун ордуна, майрам күндөрү социалдык тармакты колдонуудан алыс эле болгон жакшы экендигин окумуштуулар эскертишет.

1300 адам катышкан изилдөөнүн жыйынтыгында социалдык тармактарды үзгүлтүксүз колдонуу-бул адамдын эмоционалдуу абалына жана жашоого болгон канааттануусуна терс таасирин тийгизери аныкталган. Белгилей кетсек, бул изилдөө ишинде көбүрөөк аялдар катышкан.

Даниялык окумуштуулар, адамдардын күнүгө интернетте олтуруу менен жеке эле убактыларын коротпостон, кимдир бирөөгө болгон көрө албастык сезими жанданып, өзүн башка бирөөгө салыштыруунун кесепетинен болуп көрбөгөндөй жаман абалга келерин айтышат.

Деген менен социалдык тармактардын жакшы да жактары бар экендигин окумуштуулар жашырбайт. Адамдардын башка бирөөлөрдүн жаңылыктары менен бөлүшүүсү жана талкуулары бир нече пайда алып келиши мүмкүн. Эмне болгон күндө да жөн гана карап коюуга караганда, башкалардын ою менен бөлүшүү жакшыраак.

"Эгерде сиз майрамдык маанайыңызды бузгуңуз келбесе, анда социалдык тармактардан бир жума алыстап, "өргүү" алышыңыз керек",- дейт окумуштуулар. (SA)