Рио олимпиадасы эмне берди?

"Маракана" стадиону Сүрөттүн автордук укугу Empics
Image caption "Маракана" стадиону

2016-жылы дүйнөдөгү эң урунттуу окуялардын бири бул Бразилиянын Рио-де-Жанейро шаарында 5-августтан 21-августка чейин өткөн 31-жайкы олимпиада оюндары болду. Даярдык иштеринде жана олимпиада убагында көп кемчиликтер болду деп айтылганы менен бул олимпиаданын өзгөчөлүктөрү да көп болду.

Дүйнөлүк сынак кайсы окуялар менен эл эсинде калды?

Бул мелдешке 206 мамлекеттен он миңден ашуун спортчу катышкан. Арасында алгачкы жолу олимп оюндарына кошулган Косово жана Түштүк Судан өлкөлөрү да бар. Белгилеп кетчү жагдай качкындардан турган спортчулар командасы Эл аралык Олимпиадалык комитеттин желеги менен өз алдынча топ болуп чыгышкан.

Спорттук күч сынашууда 306 комплект медаль ойнотулуп, төш белгилердин жана катышкан өлкөлөрдүн саны боюнча буга чейинки олимпиадалардан рекорддук көрсөткүчкө жетти.

Image caption Бул олимпиадага Кыргызстандан жалпы 19 спортчу барган

Бул Түштүк Америкада алгачкы жолу өткөн олимпиада экенин айта кетели. Бразилия 1936-жылдан баштап төрт жолу олимпиаданы өткөрүүгө талапкер өлкө болгону менен андай кыялы ишке ашпай келген.

Бул өлкөнүн аты кыргызстандыктарга жайкы олимпиадага чейин эле абдан белгилүү болгон десек болот. Буга себеп бразилиялыктардын кээ бир ырларын сүйүп угушкан. Алардын бири айтылуу "Ламбада".

Image caption Майкл Фелпс

Рио олимпиадасында Америкалык отуз бир жаштагы Майкл Фелпс менен ямайкалык жөө күлүк Усейн Болттун жылдызы өзгөчө жанды. Эки спортчунун ысымы медал тапшырууда үстөккө-босток кайталанып жатты. Ошентип бул эки спортчу көп медал алып эле тим болбой бир нече рекорддорду жаңыртууга жетишкен.

Image caption Усэйн Болт

Деген менен бул олимпиада жалаң эле рекорддук көрсөткүчтөр эмес Зика вурусу, наразычылык акциялары, саясий жана экономикалык кризис менен да эсте калды десек болот.

Дүрбөлөң түшүргөн негизги себеп Зика вирусунун токтобой таралышы болду. Мындан улам Румыниялык Симон Халеп жана канадалык Милош Раонич баштаган ондогон спотчулар олимпиадага баруудан баш тартышты.

Каржы таңкыстыгынан улам оюндары башталаарына саналуу күн калганда атайын имараттардын курулушу аягына чыкпай, ал тургай полиция кызматкерлери да маянасы жок калып наразылык акциясына чыкканы белгилүү. Алар аэропортто "тозокко кош келгиле" деген жазууларды көтөрүп турушту.

Даярдык ишиндеги толгон-токой кемчиликтер, суучулдар жарыша турган көлмөлөрдүн абдан кир экени интернетке ачык чыгып кеткен эле.

Image caption Румыниялык Симон Халеп жана канадалык Милош Раонич баштаган ондогон спотчулар олимпиадага баруудан баш тартышты

Австралиялык делегациянын башчысы Китти Чиллер өтө көп кемчилииктерди таап, ал жер "кооптуу жана даяр эмес" экендигин айтып, аларга бөлүнгөн жатаканадан баш тарткан. Мындай бир нече мисалды саноого болот.

"Азырынча өзүмдү жакшы сезгеним менен сууга сүзгөн сайын оозу, мурдумду жапканга жана атайын кийимимди да жууп турууга туура келет. Суу таза болсо жакшы болмок",-деген венгриялык спортчу Мария Эрди.

"Буга чейинки Афина, Бээжин, Лондон олимпиадаларына салыштырмалуу Риодо коопсуздук чаралары начар экени ачык эле байкалат. Белгиянын Спорт министрин жана жапониялык дзюдочуларды көчөдөгү ээн баштар тоноп кетти. Мындан сырткары полиция формасын кийип алып спорттук делегацияларды тоногон фактылар болду. Мен оюндар бүткөндөн кийин кеч чыгып, олимпиада айылынын четиндеги мейманкаганага жеткенче кооптонуп жатам",-деген спорттук баяндамачы Кабыл Макеш.

Сүрөттүн автордук укугу OFFICIAL
Image caption Алмазбек Атамбаев Рио-де-Жанейродо өтүүчү жайкы Олимп оюндарына Кыргызстандын атынан барчу спортчуларды кабыл алган

Олимпиадага Кыргызстандан жалпы 19 спортчу барган. Балбандар Айсулуу Тыныбекова менен Арсен Эралиев бешинчи, дзюдочулар Юрий Краковецкий 7-орунду, Отар Бестаев 9-орунду алышкан.

Оор атлетчи Иззат Артыков булкуп көтөрүүдө 151 килограмм, түртүп көтөрүүдө 188 килограмм салмакты көтөрүп коло медал тагынган. Бул ийгилик жалпы кыргызстандыктарды зор кубанычка бөлөгөнү менен көп өтпөй Артыковдун канынан кызытма табылды деген жүйөө менен медал колдон чыккан. Ал медал колумбиялык спортчуга берилди.

Сүрөттүн автордук укугу AFP
Image caption Иззат Артыков

Учурда Иззат Артыковдун маселеси Эл аралык спорттук арбитраждык сотунда каралууда. Артыков жана анын машыктыруучулары тыюу салынган дары-дармек (стрихнин) колдонулган эмес деп келишет. Сот ишине оор атлетчи Иззат Артыков жана федерациясынын вице-президенти Улан Молдодосов барып катышаары айтылууда.

"Допинг чыры боюнча иш 2017-жылдын 11-январында Швейцариянын Лозанна шаарында сот башталат. Биз күбө катары онлайн режимде күбө катары өтөбүз. Мында өз убагында спортчуга доппинг тууралуу так маалымат берилгенби же жокпу деген маселе каралат. Буга чейин да бул тууралуу бизден сурашкан дагы суроолору болсо жооп беребиз. Менимче медалды сактап калуу кыйын",-дейт Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун милдетин аткаруучу Канат Аманкулов.

Кызытма демекчи олимпиаданын дагы бир эң чуулу жагы доппинг көзөмөлү болуп, оюндар башталаарына саналуу күн калганга чейин орусиялык спортчулардын катышаар катышпасы ар-сар болуп турду. Доппинг клодонуу мамлекттик деңгээлде атайын программа менен ишке ашырылганы айтылып, бир нече спортчусу жана параолимпиадачылардын толук курамы Рио олимпиадасынан четтетилген.

Убагында орусиялык рамийлер муну саясатка байланышкан куру жалаа деп сыпаттап келишкени менен ага каршы улам бир жаңы жагдайлар чыгып жатат.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Учурда Иззат Артыковдун маселеси Эл аралык спорттук арбитраждык сотунда каралууда

9-декабрда атайын баяндамада 2011 жылдан 2015-жылга чейинки убакытта миңден ашуун орусиялык спортчу аталган программадан пайдаланганын жазылган. Орусиянын расмийлери өлкөдө допинг программанын бар экенин мойнуна алды. Бул программа ишке ашырылган атайын лабараторияда 1400дөн ашык допинг тесттер жок кылынган деп кабарлайт Би-Би-Синин спорт кабарчысы Дэн Роуен.

"Нью Йорк таймс" гезитине берген маегинде Орусиянын расмийлери допинг программанын бар экенин кабыл алды, бирок бул программа мамлекет тарабынан каржыланган деген айыптоону четке какты.

Орусиянын доппинге каршы агенттигинин учурдагы жетекчиси бул институттун жашыруун иши деп атады.

Кытай 2008-жылы Бээжин олимпиадасын чагылдыруудан жана корпоративдик демөрчүлүктөн 5.5 млрд доллар тапкан. Төрт жылдан кийин Лондон олимпиадасы 8 млрд доллар таап Кытайды чаңында калтырган. Рио олимпиадасы баштала электе эле 9.3 млрд киреше тапканы айтылган. Бул коммерциялык укуктарын пайдалануудан табылган каражат экени айтылган.

Бул олимпиада баардык кыргызстандыктардын эсинде балбан кыз Айсулуу Тыныбекованын күрөшү менен калды десек болот.

Image caption Айсулуу Тыныбекова

Анын Риодогу таймаштары Кыргызстандагы күйөрмандарын уктатпай, өлкө боюнча болуп көрбөгөндөй реакцияларды жараткан. Социалдык тармактарда аны колдогон миңдеген чакырыктар жазылып, сүрөөнгө алышкан.

"Айсулуу Кыргызстанды, чет жактагы кыргызстандыктарды 6 мүнөттүн ичинде бириктирип койду",-деп жазган Фейсбук колдонуучулардын бири. Ал эми обончу жана аткаруучу Сыймык Бейшекеев Айсулууга арнап атайын ыр да жараткан эле.

Олимп оюндарыны ачылыш жана жабылуу салтанаттары "Маракана" стадионунда өткөрүлгөн. Эмки кезек расмий түрдө Токиого узатылды. Бул шаарда 2020-жылы олимпиада оюндары өтөт.

Тектеш темалар