АКШдан чыгарылган орус дипломаттарын салган учак Москвага учуп келди

учак Сүрөттүн автордук укугу Getty Images

АКШдан чыгарылган орус дипломаттарын салган учак Москвага учуп келди. Бул каттамды президент менен өкмөт мүчөлөрүн расмий түрдө ташыган "Россия" авикомпаниясынын атайын борту аткарды.

Бейшембиде россиялык дипломатиялык мекемелердин 35 кызматкерин АКШ бийликтери кибер чабуулдарга катышы бар деп айыптап, алардын бүт үй-бүлө мүчөлөрү менен 72 сааттын ичинде өлкөдөн чыгып кетишин талап кылган болчу.

"Жаңы жылдын соңку күндөрү алар баары уктабай, эс албай, жүктөрүн даярдашып, аны менен кошо башка иштерин бүткөрүп чуркап жүрүштү - жашоодо кааласаң да, каалабасаң да тирликтин ар кандай милдеттүү иштери калып калат экен, кетип жатканда аларга көңүл бурбасаң болбойт экен",-деп Вашингтондогу орус элчилигинин кызматкери Юрий Мельник өзүнүн Фейсбуктагы баракчасына жазды.

29-декабрда Вашингтон АКШдагшы шайлоо кампаниясынын учурунда болгон кибер чабуулга байланыштуу Россияга жаңы санкцияларды салганын жарыялады. Санкциялардын тизмесине алты адам жана беш уюм киргизилди. Анын ичинде Россиянын Федералдык коопсуздук кызматы жана Башкы чалгындоо башкармалыгы бар. Тизмеге башкармалыктын башчысы Игорь Коробов жана биринчи орун басарлары кошо илинди.

Андан сырткары, АКШ бийликтери россиялык дипломаттарга шаар сыртындагы эки резиденцияга барууга тыюу салды. Бул резиденциялар чалгындоо иштери үчүн пайдаланылган деп айтылды.

Президент Владимир Путин Россия АКШга симметриялык жооп бербейт деп билдирген.Анын Кремлдин сайтында жарыяланган билдирүүсүндө бардык америкалык дипломаттар Россияда кала берсин, алардын балдары Кремлдеги жаңы жылдык балатыга бара берсин деп айтылат. Путин өзүнүн чечимин "кухнялык дипломатияга" чейин түшпөй турганы менен түшүндүргөн.

АКШнын жаңы шайланган президенти Дональд Трамп өз кезегинде Путиндин бул чечимин абдан акылдуулук деп атады. (КС)

Тема боюнча башка макалалар