2017-жылы дүйнөдө боло турган эң орчундуу окуялар

Image caption Трамп: Путин менен абдан жакшы мамиледе болом

Жаңырган жыл январь айынан тарта эле эл аралык коомчулуктун назарын бурган АКШдагы бийлик алмашуу окуясы менен башталганы турат. Тагыраак айтканда, 2017-жылдын 20-январында АКШнын жаңы шайланган президенти Дональд Трамп расмий түрдө кызматына киришет. Трамп президенттик кызматын баштагандан кийин Трамптын Путинге болгон “комплименттери” жана иммигранттарга каршы дубал тургузуу убадасы эл аралык коомчулуктун бүйрүн кызытып келди.

Түштүк Осетияда 9-апрелде президенттик шайлоо болот. Өлкөдө 2011-жылы өткөн президенттик шайлоо саясий кризиске алып келип, Түштүк Осетияда жарандык согуш чыгып кете таштаган. Бул шайлоодо өлкөнүн элитасы жана жарандык коому үчүн туруктуулукту кармап калуу сыноосу турат.

Жабдыгыңыз медианын бул түрүн ойнотууга ылайыктуу эмес.
2017-жылы дүйнөдө боло турган эң орчундуу окуялар

Францияда президенттик шайлоо апрелде болот. Анда үч талапкер катыша турганын билдиришкен. Социалдык партиядан, учурдагы президент Франсуа Олланд, Республикачыл партиядан мурдакы президент Николя Саркози жана 'Улуттук фронт' партиясынан Марин Ле Пен катышканы жатат.

Иранда кезектеги президенттик шайлоо 2017-жылдын 19-майында өтөт. Президенттик шайлоонун мөөнөтү 12 шиа динаятчылары мүчө болгон мамлекеттик байкоо кеңеши тарабынан кабыл алынган. Шайлоодо учурдагы президент Хасан Роухани эмки мөөнөткө өз талапкерлигин коюушу мүмкүн. Ошондой эле келе жаткан шайлоодо Ирандын мурдакы президенти Махмуд Ахмединежад да ат салышы мүмкүн. Иран Ислам Республикасынын азыркы президенти Хасан Роухани 2013-жылдын 3-августундан бери мамлекетти башкарып келет. Түштүк Осетияда Орусияга кошулуу боюнча референдум өтүлүшү күтүлүүдө. Каталониянын Испаниядан чыгуу процесси башталат.

Түркмөнстанда президенттик шайлоо 12-февралда болот. Азыркы президент Гурбангулы Бердымухамедов президенттик эки мөөнөткө шайланган. Бул анын үчүнчү мөөнөткө шайлоого катышып жатканы. 2012-жылы болгон шайлоодо ал 97 % добуш алган.

Кыргызстанда кезектеги президенттик шайлоо өтөт. Азыркы президент мыйзамга ылайык кийинки мөөнөткө шайлана албайт. Ал бул тууралуу Алмазбек Атамбаев өзү да бири нече жолу айткан. Атамбаев 2015-жылдын жыйынтыгы боюнча маалымат жыйынында президенттик мөөнөтү бүткөндөн кийин өкмөт башчы да, спикер да болбой тургандыгын билдирген.

7-ноябрда Улуу Октябрь революциясынын 100 жылдыгы болот. Анда 100 жыл мурда революцияны ишке ашыргандар келечек муундагы коммунисттерге калтырган кайрылуу жарыяланмакчы. 1917-жылы өткөн бул төңкөрүш Орусиядагы жыйырманчы кылымдын эң ири окуялардын бири болгон. Бул окуянын жыйынтыгы дүйнө тарыхынын жүрүшүнө дагы таасирин тийгизген.

Экономикадан кеп салсак, 10-июндан тарта 10-сентябрга чейин Астана шаарында эл аралык Экспо-2017 көргөзмөсү өтөт. Анын ишине 100 өлкө жана 10 эл аралык уюмдар катышат. Көргөзмөнүн башкы темасы энергетика жөнүндө болмокчу.

Жаңырган жыл спорттук окуяларга да бай боло тургандай көрүнөт.

Image caption Япониянын Саппоро шаарында сегизични азия оюндары өтөт

8-февралда Казакстанда Алматыда кышкы универсиада башталат. Бул өлкө мындай укукту чоң атаандаштык менен жеңип алды. Кыргызстандын айрым активисттери ушундай универсиаданы Кыргызстанда да өткөрүүгө аракет кылуу керек деп жатышат.

Ошол эле февраль айынын 19-26 күндөрүндө Япониянын Саппоро шаарында сегизични азия оюндары өтөт. Кыргызстандык спортчулар күрөш, дзюдо жана бокс боюнча мелдештерге катышуу укугун алуу үчүн даярдык көрүшүүдө.

Финляндияда 29-март - 2-апрель күндөрү муз үстүндө бий боюнча чемпионат өтөт.

5-21 май күнү Германия жана Францияда хоккей боюнча дүйнөлүк чемпионаты өтөт.

Бакуда 12-22 май күндөрү исламдык тилектештик оюндары өтөт. Анда ислам конференциясынын уюмуна кирген өлкөлөрдүн спортчулары күч сынашат.

Орусияда июнь- июль айларында ФИФАнын Конфедерация кубогу болот. Анда ар бир континеттин чемпионатын жеңген өлкөлөр, акыркы дүйнөлүк чемпионаттын жеңүүчүсү жана өткөрүп жаткан мамлекеттин курама командалары катышат. Бул мелдеш 2018-жылы Орусияда өтө турган дүйнөлүк чемпионатка даярдык катары да өткөрүлүп жатат.

Лондондо 5-августта жеңил атлетика боюнча дүйнөлүк чемпионат өтмөкчү. Анда Кыргызстандын спортчулары дагы катышуусу күтүлүүдө.

Тайванда 19-30- августта жайкы универсиада өтөт.

Ал эми маданий окуялардын эң башкысы: 9-13 май күндөрү Киевде өтө турган 'Евровидение' сынагы болот. 2016-жылы Швецияда өткөн конкурста украиналык Жамала жеңүүчү болуп чыккан.

Image caption Киевде «Евровидение» сынагы болот.

Эми космостук технологиялар жаатында бизди кандай окуялар күткөндүгүн айта кетсек.

Кытайда Change 5 аппаратынын айга учурулушу күтүлүүдө.

Япондук космос агенттиги SELENE-2 аппаратын айга биринчи жолу учурат.

Ошондой эле экзопланеталарды издөө жана иликтөөгө багытталган CHEOPS аттуу космостук телескопу иштетилип баштайт.

Көптөн бери күтүлүп жаткан Dream Chaser шаттлынын алгачкы жолу учурулат.

Image caption Dream Chaser шаттлы алгачкы жолу учурулат

Бул окуядан кийин Америкалык космос агенттиги жер планетасынын термосферасын изилдөө максатында Naval Research Laboratory аттуу аппаратты космоско учурары күтүлүүдө.

Меркурий планетасын изилдөө максатында Bepi Colombo аппараты учурулат.

Планетабыздагы эң ири аба майдандарынын бири боло турган Дубайдагы 'Дүйнөнүн борбору' аттуу аба майданы курулуп бүтөт.