Кыргызстан Стамбулдагы кол салууга шектелген адамды иликтөөдө

Түркиянын полициясы Стамбулдагы кол салууга шектелген адамдын сүрөтүн жарыялады
Image caption Түркиянын полициясы Стамбулдагы кол салууга шектелген адамдын сүрөтүн жарыялады

Кыргызстандын улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети Стамбулдагы түнкү клубдагы кол салууга шектелип, сүрөтү интернетке жарыяланып кеткен Яхия Машраповду суракка алып кое беришкенин билдирүүдө. Аталган жаран өз кезегинде Стамбулдагы окуяларга таптакыр тиешеси жок экенин ага жолугуп сүйлөшкөн "Турмуш" сайтынын кабарчысы жазып чыкты.

Түркиянын басма сөз каражаттары Стамбулдагы түнкү клубда болгон кол салууга кыргызстандык 28 жашар Яхья Машрапов шектелип жатканын кабарлаган эле. Атап айтканда, “ТРТ дүйнөсү” Түркиянын укук коргоо органдары чабуулга шектүүнүн ким экенин аныктаганын билдирип, мамлекеттик телеканалында кыргызстандык жарандын паспортун көрсөткөн эле.

Кыргызстандын коопсуздук боюнча улуттук комитетинин басма сөз кызматынын жетекчиси Рахат Сулайманов өз кезегинде сүрөтү интернетке жарыяланып кеткен кыргыз жараны коопсуздук кызматкерлери тарабынан суракка алынып кое берилгенин белгилеп, ошол эле учурда түркиялык маалымат каражаттары тараткан маалыматтар боюнча иликтөө иштери жүрүп жатканын кабарлады.

“Массалык маалымат каражаттарында пайда болгон Стамбул шаарында террактка тиешелүү маалымат боюнча Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик коммитеттеринин өкүлдөрү Туркиянын атайын кызматтары менен байланышта болуп жатат. Мына ошондой эле Түркиянын тиешелүү мекемелерине ыкчам түрдө 31-декабрдан биринчи январга караган түнү болгон террактка Кыргыз жаранынын тиешеси бар деген маалыматты тактоо боюнча суроолор жөнөтүлдү. Мындан сырткары интернет сайттарда пайда болгон Кыргыз Республикасынын атуулунун паспорттук маалыматтары боюнча Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик коммитети тарабынан тиешелүү текшерүү иштери жүрүп жатат”, - деп билдирди Рахат Сулайманов.

Яхья Машраповдун өзүнүн айтымында, ал 28-январда Стамбулга бизнес иштери боюнча учуп барып, 31-январда кайтып келген. Андан кийин 1-январда барып, бүгүн 3-январда эртең менен кайтып келди.

Ал арада Түркиянын коопсуздук кызматтары Стамбулдагы чабуулга шектүу делген 14 адамды кармаганын билдирүүдө.

Тема боюнча башка макалалар