Сирия: аба чабуулдарынан кеминде 25 согушкер өлтүрүлдү

Өткөн жылдын июль айына чейин "Фронт аль-Нурса" деп аталып келген "Жабхат Фатех аш-Шам" уюму "Аль-Каида" менен тыгыз иштешет
Image caption Өткөн жылдын июль айына чейин "Фронт аль-Нурса" деп аталып келген "Жабхат Фатех аш-Шам" уюму "Аль-Каида" менен тыгыз иштешет

Сириянын Идлиб аймагында болгон аба чабуулдарында "Жабхат Фатех аш-Шам" деп аталган радикал уюмдун кеминде 25 согушкери жок кылынганы кабарланды. Алардын арасында аталган уюмдун башчылары да болушу мүмкүн деп айтылууда.

Лондондогу сириялык укук коргоочулар азырынча аба чабуулдарын ким жасаганы белгисиз деп билдиришти.

"Жабхат Фатех аш-Шам" уюму өткөн жылдын июль айына чейин "Фронт аль-Нурса" деп аталып келген. Аталган радикал уюм "Аль-Каида" менен тыгыз иштешет деп айтылып жүрөт.

Ок атышпоо тууралуу келишим

Орусия жана Түркиянын кийлигишүүсү менен 30-декабрдан тарта президент Башар Асаддын өкмөтү менен козголоңчулар ортосунда ок атышпоо тууралуу келишим күчүнө кирген.

Бирок мындай келишим өздөрүн “Ислам мамлекети” деп атаган уюм, күрд куралдуу согушкерлер, ошондой эле "Жабхат Фатех аш-Шам" радикал уюмдар менен түзүлгөн эмес.

Көптөн бери салгылашып келе жаткан эки тараптын тынчтык келишими тууралуу сүйлөшүүлөр январь айында Астана шаарында өтөт деп күтүлүүдө.

Бирок бир катар сириялык козголоңчу топтор Казакстанда өтө турган конференцияга катышуудан баш тартуу тууралуу айтышкан. Буга өкмөттүк күчтөрдүн “келишим болгонуна карабастан, аны бузганы” себеп болгон.

Тема боюнча башка макалалар