Трамптын инаугурациясы: Клинтондор жана Буштар салтанатка катышат

Клинтондор жана Буштар 2009-жылы Барак Обаманын инаугурациясына катышышкан
Image caption Клинтондор жана Буштар 2009-жылы Барак Обаманын инаугурациясына катышышкан

Президенттик жарышта Дональд Трампка утулуп калган Хиллари Клинтон жана анын жубайы, АКШнын мурдагы президенти Билл Клинтон инаугурацияга катышат. 20-январда өтө турган салтанаттуу аземге кичүү Жорж Буш жана жубайынын да келиши күтүлүүдө.

Дональд Трамп АКШнын 45-президенти катары ант берип, кызматына киришет.

Инаугурация салтанаты бийликти тынчтык жолу менен өткөрүп берүү символу деп эсептелет.

Трамп ким?

Трамп миллиардер жана саясий ишмер, Республикалык партиянын мүчөсү, медиамагнат, жазуучу. Ал ошондой эле 'Кандидат' реалити-шоусунун аткаруучу продюсери жана алып баруучусу катары да белгилүү. Ал оюндагысын жашырбай, ачык сүйлөгөнү менен да таанымал.

Дональд Трамп 1946-жылы 14-июнда Куинсте (Нью-Йорк штаты) туулган. Анын атасы Фред Крист Трамп курулуш тармагында иштеген. Дональд Трамп 13 жашында аскер академиясына кирип, эң алдыңкы окуучу болгон.

Дональд Трамп жеңишке жеткенден кийинки сөзүндө Америка элин биримдикке чакырып, АКШнын экономикасын өнүктүрүп, дүйнөдөгү эң күчтүү экономика кыларын убада кылган. Аналитиктер Дональд Трамптын тушунда АКШнын геосаясий ролу да күчөйт деп болжоп жатышат.

Трамп шайланган учурда Орусия президенти Путин да аны куттуктап, “Орусия-Америка алакасын кризистик абалдан чыгаруу боюнча биргелешкен аракет болот, бул коопсуздук боюнча глобалдык проблемаларды эффективдүү чечүүгө жардам берет” деген үмүтүн билдирген.

Тема боюнча башка макалалар