Фейсбуктагы видео: Майып адамды сабаган төртөө кармалды

Эди Джонсон: Адамдарды бирөөгө ушундай мыкаачылык менен мамиле кылганга эмне түртөт?
Image caption Эди Джонсон: Адамдарды бирөөгө ушундай мыкаачылык менен мамиле кылганга эмне түртөт?

“Фейсбукта” жарыяланган тасмада АКШнын Чикаго штатында оозу буулуп, колдору байланган адамдын сабалганына байланышы бар деп шектелген төрт адам кармалды. Полиция сабалган адам майып экенин билдирүүдө.

Социалдык тармакатарда АКШнын Чикаго штатында майып кишинин сабалып жатканын камтыган тасма кеңири тарады. Оозу буулуп, колдору байланган адамды сабаган деген айыптоолор менен төрт киши кармалды.

Тасмада майыпты сабап жаткан кишилер ак түстүүлөргө жана жаңы шайланган президент Дональд Трампка каршы улутчул сөздөрдү айтканы угулат.

Тасманын бир бөлүгүндө майыпты сабап жаткандар анын баш терисин кесүү үчүн бычак колдонгону көрсөтүлөт.

Чикагонун полиция жетекчиси Эди Джонсон твиттерде жарыяланган пресс-конференция учурунда тасма абдан түрү суук кылмыш иштерин камтыйт деди.

“Бул абдан көңүлдү сууткан тасма экен. Адамдарды бирөөгө ушундай мыкаачылык менен мамиле кылганга эмне түртөт деп ойлоп кетесиң. Мен полицияда 28 жылдан бери кызмат өтөп, адамдар жашоосунда күндө эле көрө бербеген жаман нерселерди көргөнмүн. Бирок бул тасмада камтылган турү суук кылмыштын кадрлары менин үрөйүмдү учурду”.

Полиция тасмада сабалган ак түстүү адам аны ургандардын бирөөсү менен тааныш экенин билдирди. Ал сабалганга чейин 48 саат мурда уурдалган болушу мүмкүн деп кошумчалады полиция.

Пресс конференция учурунда полициянын жетекчилери сабалган адамды куткарууда ыкчам аракеттерди көргөн полиция кызматкерлерин макташты.

30 мүнөттүк тасма адамдар 18 жаштагы майыптын кийимдерин кескилеп, анын үстүнө тамекинин күлүн түшүрүп жана буттары менен башын түртүп жаткан кадрларды камтыйт.

Андан тышкары тасмада майып сабалып жаткан учурда бир канча адамдардын күлүшүп жана тамеки чегип жатканын көрүүгө болот.

Полициянын башчысы Кевин Дафин кылмыштын улутчулдуктан келип чыкканын аныктоо үчүн иликтөөлөр жүрүп жатат деди.