Япония эстеликке байланыштуу Түштүк Кореядагы элчисин чакыртып алды

Эми активисттер мындай эстеликти Пусанга коюшкан Сүрөттүн автордук укугу AFP
Image caption Эми активисттер мындай эстеликти Пусанга коюшкан.

Япония бийлиги Түштүк Кореядагы элчисин Пусандагы генералдык консулдугунун жанына коюлган эстеликтен улам чакыртып алды.

Ал эстелик Экинчи дүйнөлүк согуш учурунда япониялык аскерлердин сексуалдык кулчулугуна кабылган кореялык аялдарга арналып тругузулган болчу. Буга байланыштуу Япония Пусандагы генералдык консулун жана Сеулдагы элчисин убактылуу артка чакырды.

Сүрөттүн автордук укугу EPA
Image caption Сеулдагы япониялык элчиликтин имаратынын жанына 2011-жылы активисттер ушундай эле эстелик коюшкан. Азырга чейин ал өз ордунда турат деп белгилейт Ассошиэйтед Пресс.

Корея бийлигинин расмий маалыматы боюнча Экинчи дүйнөлүк согуш учурунда 200 миңге чукул Корея, Кытай, Тайвань, Филиппин, Индонезиядан келген аялдар япондук жоокерлердин «көңүл жубаткан аялдары» болууга мажбур болушкан.

Узакка созулган сүйлөшүүлөрдөн кийин 2015-жылы Япониянын Тышкы иштер министрлиги менен Түштүк Корея Экинчи дүйнөлүк согуш учурундагы сексуалдык кулчулукка байланышкан маселени чечүү үчүн келишимге келген. Сүйлөшүүлөрдө биринчи жолу Япония расмий кечирим сураган.

Ошондой эле атайын 8 млн доллар өлчөмүндөгү фонд түзүп, кулчулукту башынан кечирген аялдарга жардам көрсөтүү демилгесин көтөргөн. Бирок бул сүйлөшүүлөргө түштүк кореялык активисттер каршы болуп келүүдө.

Сеулдагы япониялык элчиликтин имаратынын жанына 2011-жылы активисттер ушундай эле эстелик коюшкан. Азырга чейин ал өз ордунда турат деп белгилейт Ассошиэйтед Пресс. Эми активисттер мындай эстеликти Пусанга коюшкан.

Тема боюнча башка макалалар