Асад: "Биз жеңиштин жолунда турабыз»

Башар Асад Сүрөттүн автордук укугу AFP

Сириянын Президенти Башар Асад франциялык маалымат каражаттарына интервью берип, ага караштуу күчтөр «жеңиштин жолунда турганын» билдирди.

Асад журналисттер менен Дамаскта маектешкен. Маектин кыскача которулган үзүндүсү RTL телеканалы аркылуу дүйнөлүк маалымат каражаттарына тарады. Асаддын айткандарына караганда, согуштун чечүүчү учуру көтөрүлүшчүлөрдүн Алепподогу жеңилиши болду.

Бирок шаар өкмөттүк күчтөрдүн көзөмөлүнө өткөнү менен эле жеңдик деп айтууга болбойт деди Сирия Президенти. "Жеңиш качан гана бардык террорчулар жок кылынганда болот»,-деген Башар Асад.

Алепподогу аба чабуулдары жайкын тургундар арасындагы көп жоготууларга алып келгени боюнча берилген суроого жооп берип жатып, Асад «элди бошотуунун куну ушундай болоорун» айтты. Интервью толугу менен дүйшөмбү күнү France Info, LCP жана RTL телеканалдарынан көрсөтүлөт.