Ирандын мурдагы президенти Хашеми Рафсанжани дүйнө салды

Учурдагы президент Хасан Роухани Рафсанжанини Ислам революциясынын улуу инсаны деп атады
Image caption Учурдагы президент Хасан Роухани Рафсанжанини Ислам революциясынын улуу инсаны деп атады

Ирандын жогорку лидери Аятолла Али Хамени 82 жашында каза болгон мурдагы президент Акбар Хашеми Рафсанжанинин акыркы сапарга узатуу зыйнатына катышты.

Аятолла Хамени дүйнө салган Хашеми менен пикирлери дал келишбесе дагы аны “Күрөшүүдө өнөктөшүм” эле деп эскерди.

Учурдагы президент Хасан Роухани Рафсанжанини Ислам революциясынын улуу инсаны деп атады.

Иран мамлекети үч күн аза күтүү жарыялап, экинчи күнү Тегеранда Хашемини жерге берүү зыйнатын өткөрөт.

1989-жылдан 1997-жылга чейин президент болгон Рафсанжани 1979-жылкы революцияда маанилүү рол ойногон. Бирок кийин ал консервативдик партияга каршы чыккан.

“Көп жылдан бери пикирлерибиздеги ажырымга карабастан ортобуздагы достук дайыма сакталып келген”, - деди Аятолла Хамени.

Рафсанжани дем алыш күнү Тегерандагы ооруканада жүрөгү кармап көз жумду.

Анын денеси “Жамаран” сыйынуучу жайга алып келинди. Ал жерге Рафсанжанини акыркы сапарга узатуу үчүн Ислам республикасынын негиздөөчүсү Аятолла Хамени, маркумдун жакын туугандары, саясатчылар жана диний жетекчилер чогулушту.

Рафсанжани президент Роуханинин насаатчысы болгон. Роухани өзүнүн твиттеринде: “Ислам революциясынын улуу адамы, сабырддулук жана туруштук берүүнүн символу болгон Рафсанжани дүйнө салды”, - деп жазды.

Тема боюнча башка макалалар