Асад баардык суроолор боюнча сүйлөшүүгө даярбыз деп билдирди

Сириянын Президенти Башар Асад Сүрөттүн автордук укугу Press Eye

Сириянын Президенти Башар Асад Астанада өтөт деп айтылган Сириядагы кырдаалды жайгаруу боюнча сүйлөшүүлөргө Дамаск даяр жана баардык суроолорго чек коюлбайт деп билдирди.

"Албетте, биз даярбыз, датасы белгилүү болору менен конференцияга барууга биздин делегация даяр. Биз баардык суроолорду талкуулаганга даярбыз, эч кандай чектөө болбойт",-деди Асад франциялык ММКларга берген маегинде. Бул айтылгандарды дүйшөмбү күнү Сириянын САНА мамлекеттик агенттиги жарыялады.

Түрк бийликтеринин маалыматына караганда Сирия боюнча тынчтык конференциясы 23-январда Астанада өтөт деп күтүлүп жатат. Аны даярдоого Орусия жана Түркия катышууда. Асаддын өзү так датаны атаган жок.

Суроолорго жооп берип жатып Асад, анын президенттик позициясы өлкөнүн конституциясы менен байланышта экенин айтты:

"Менин позициям баш мыйзам менен байланыштуу. Эгер алар бул маселени талкуулагысы келсе, анда алар конституцияны талкуулашы керек болот. Бирок ал өкмөткө да, президентке же оппозицияга таандык эмес. Ал жалпы Сирия элине таандык болушу керек. Ар кандай эле конституциялык өзгөртүүлөргө референдум керек. Бул - жолугушууда талкуулана турган суроолордун бири",-деди Башар Асад.

Ошону менен бирге ал Астанадагы сүйлөшүүлөрдө оппозициянын атынан ким барарын билбей турганын белгиледи. Бул жолугушуу алдындагы негизги суроо болуп турат.

Башар Асад өзүнө караштуу күчтөр «жеңиштин жолунда турганын» билдирди. Анын пикринде, согуштун чечүүчү учуру көтөрүлүшчүлөрдүн Алепподогу жеңилиши болду. Бирок шаар өкмөттүк күчтөрдүн көзөмөлүнө өткөнү менен эле жеңдик деп айтууга болбойт деди Сирия Президенти. "Жеңиш качан гана бардык террорчулар жок кылынганда болот»,-деген Башар Асад.

Алепподогу аба чабуулдары жайкын тургундар арасындагы көп жоготууларга алып келгени боюнча берилген суроого жооп берип жатып, Асад «элди бошотуунун куну ушундай болоорун» айтты.

Тема боюнча башка макалалар