Барак Обама коштошуу сөзүндө көзүнө жаш алды

Барак Обама Сүрөттүн автордук укугу AP

АКШ Президенти Барак Обама өзүнүн коштошуу сөзүндө америкалыктарды демократияны коргоого чакырып, сөзүнүн соңунда көзүнө жаш алды.

Ал өз сөзүндө расизм жана экономикалык теңсиздикти АКШ демократиясы үчүн негизги коркунуч деп атады.

Бийликтен кетип жаткан АКШ Президенти дүйнөдөгү тынчтыкка, мыйзамдуулукка жана адам укугуна коркунуч жараткан жагдай - диний фанаттар жана автократия деп белгиледи.

Президент Барак Обама өзүнүн коштошуу сөзүн Чикагодогу "Маккормик-плейс" конгресс борборунда сүйлөдү. Ал муну бардыгы ушул жерден башталган эле деп түшүндүрдү. 2008-жылы президенттик шайлоодон утуп чыкканын Чикагодо уккан. Ошондуктан Акүйдө эмес, ушул жерде сүйлөп жатканын айтты.

Аны менен бирге биринчи айым Мишель Обама жана вице-президент Жо Байден жубайы менен келип, иш-чарага катышты. Залга 20 миңдей киши чогулду.

Сүрөттүн автордук укугу APF

Обама жубайы Мишелге кайрылып, сөз сүйлөгөн учурда көзүнө жаш алган. "Соңку 25 жыл ичинде сен менин жубайым, балдарымдын апасы гана эмес, сен менин мыкты досум болдуң. Мен сени менен сыймыктанам, бүт өлкө сени менен сыймыктанат»,-деди Обама.

55 жаштагы АКШ тарыхындагы биринчи кара терилүү Президент 2008-жылы шайлоодон утуп келген.

Кийинки президенттик кызматка кирише турган республикачыл Дональд Трамп азыр эле Обаманын бир реформаларын улантпай турганын айтты. 20-январда жаңы шайланган Президент ант берет.

Тема боюнча башка макалалар