Норвегия аналогиялык радио берүүлөрүн өчүрөт

радио Сүрөттүн автордук укугу Getty Images

Дүйнө жүзүндө биринчилерден болуп Норвегия бүтүндөй аналогиялык радио берүүлөрдөн баш тартууда. Шаршембиде өлкө бийлиги коомчулуктагы каршы пикирлерге карабастан FM-ретрансляторлорун өчүрүүнү баштайт.

Биринчи ретранслятор жергиликтүү убакыт боюнча саат 11:11 де өчүрүлөт. Бардык улуттук радиостанциялар аналогиялык берүүлөрдөн жыл соңуна чейин баш тартышы керек. Ал эми жергиликтүү радиолор беш жыл ичинде цифралык берүүгө өтөт.

Цифралык берүүлөрдүн сапаты мыкты деп айтылып жатат. Цифралык технология Норвегияда 1990-жылдарда эле иштелип баштаган.

Статистика боюнча азыр угармандардын 70 пайызы цифралык радио уктурууларды угушат. Деген менен айрымдар FM-уктурууларынан баш тартуу калган 30 пайыз аудиториянын укугун бузган жокпу деп кабатыр болууда. Ѳкмөттүн сынчылары өзгөчө пенсия курагындагылар менен унаа айдап тиричилигин өткөргөн катмарга кыйын болот деп айтып жатышат. Бул өлкөдө унаанын магнитофону болжолу 468 доллар. Мунун менен бирге эле 2 млн чамалуу унаадагы магнитофондор аналогиялык сигналдарды гана кармайт.

Бирок талаш-тартыштарга карабастан Норвегия бул чечимди кабыл алды. Эми европалык башка өлкөлөр да мунун үстүнөн ойлонуп жатат.

Норвегия бул абалга көптөн бери даярдык көрүп келген. Соңку чечимди өткөн жылдын соңунда кабыл алышты. Азыркы учурда өлкөдө 22 цифралык радио иш алып барып жатат.