Обаманын тышкы саясаттагы мурасы

Бийликтен кетип жатканда Обама тууралуу ар түрдүү пикирлер айтылууда
Image caption Бийликтен кетип жатканда Обама тууралуу ар түрдүү пикирлер айтылууда

Барак Обама тынчтык боюнча Нобель сыйлыгын алганда, көптөр таң калып, жетекчи президент катары эмнеге жетишти деген суроо жолдогон.

Обама бийликке келгенде АКШ эң негизги стратегиялык коркунучту, Жакынкы чыгыш чөлкөнмүндөгү ири оюнчулардын бири Иран менен байланыштырган. Демек Обамага Тегеран менен өзөктүк программасы боюнча келишим түзүү өтө манилүү болчу.

Израил каршылык көрсөткөнүнө карабастан АКШ Иран менен келишим түздү. Бирок жаңы шайланган президент келишимди кайра карап чыгуу зарыл экенин билдирген. Ал келишимдин келечеги белгисиз бойдон калууда.

Барак Обаманын Израилдин премьер-министри менен мамилеси суук болду. Бириккен Улуттар уюму Израилдин мыйзамсыз конуш куруу саясатына тыую салганда, АКШ адаттагыдай вето укугун пайдаланган жок. Израил ага нааразы болду.

Орусиянын лидери Владимир Путин менен дагы мамилеси начар болду. Крым аймагы, кибер чабуулдар жана Сириядагы согуштан улам эки жетекчи бир-бири менен сүйлөшпөй калганы айтылат.

Обама чет өлкөдөгү согуштарды токтотуп, АКШнын аскерлерин артка алып келүү долбоорун баштаган.

2011-жылы Осама Бин Ладен жок кылынганы жана Жакынкы Чыгыштагы ыңкылаптар үмүт жаратканы менен өздөрүн Ислам мамлекети деп атаган топтун күч алышы чөлкөмдү крисизке кептеди.

Сириядагы гуманитардык абал курч болуп качкындардын саны Экинчи дүйнөлүк согуштан бери жогорку деңгээлге жетти.

Ошондой эле Сириянын президенти Ассадка карата айтылган эскертүүлөр ишке ашкан жок

“Химиялык куралдардын дүйнөгө тарашы жана колдонулушу – биз үчүн “кызыл сызык” болуп саналат. “Кызыл сызыктын” бузулушу биздин саясатты өзгөртөт”, деп айткан Барак Обама.

АКШнын белгилүү саясат таануучусу Филип Гордон Америка Сирияда чечкиндүү кадамдарга барган жок деген пикирин билдирди.

“Менимче “Кызыл сызыктын” бузулушу боюнча сасаятты ишке ашырбай койгону, катачылык болгон. АКШ кандайдыр бир кесепет болот деп так айткандан кийин, так аракеттер болушу керек”, -деди ал.

АКШ менен Кубанын мамилесинде жаңы доор жарыяланды.

Жарым кылымдан кийин Вашинггтон менен Гавана дипломатиялык байланыштарды жандандырды

Бийликтен кетип жатканда Обама тууралуу ар түрдүү пикирлер айтылууда.

Жетекчи тышкы саясатта ири өзгөрүүлөрдү алып келүүгө аракеттенди. Бирок ал АКШнын таасирин кандай пайдаланды? Нобель сыйлыгынын комитети 8 жылдан кийин жетекчиге кандай баа берет? Бул суроолорго так жооп жок.

Тема боюнча башка макалалар