Европа өлкөлөрүндө аялдар төрөттөн калып баратат

аялдар Сүрөттүн автордук укугу AFP

Европа өлкөлөрүндөгү, анын ичинде өзгөчө түштүк аймактарындагы өлкөлөрдө аялдар барган сайын төрөттөн калып баратат.

Европанын түштүгүндө 1970-жылдары төрөлгөн аялдардын 20 пайызы баласыз калуусу мүмкүн. Бул Европанын түндүгүнө караганда (15%) жана батышына караганда(18%) көбүрөөк көрсөткүч.

Францияда жарыяланган докладка таянсак, бул абалга эмгек рыногундагы туруксуздук, жаш энелерге жеңилдиктердин жоктугу менен түшүндүрүлөт.

Ошондой эле мындан бир нече жыл алдын Түштүк Европада жакырчылык жогорку деңгээлде болгону айтылды. 20-кылымдын алгачкы он жылдыгында төрөлгөндөрдүн көбү тукумсуз калышкан. Буга түрдүү себептердин атаса болот, айталы, биринчи Дүйнөлүк согуштун кесепетинен улам күйөөсүз калуу, 1929-жылдагы каатчылыкка байланыштуу жаш эркек кишилердин миграцияга кетип калышы сыяктуу себептери бар.

Болгария, Чехия жана Орусиядагы балдардын төрөлүү көрсөткүчү социалисттик система ураган 1989-1990-жылдары Борбордук жана Чыгыш Европага салыштырганда жогору болгон. Бул өлкөлөрдө 1968-жылдары туулган аялдардын 8 пайызы бала төрөгөн эмес, ал эми бул көрсөткүч ортоңку Европа өлкөлөрүндө 14 пайызды түзөт.

Француз демографтары соңку 50 жылдагы экономикалык жана маданий тенденция көбүнесе аялдарга бала төрөбөгөнгө шыкак берип келген дейт. Докладдын авторлору алдыңкы жылдарда төрөттүн кыскарышы Европанын түштүгүндө жайгашкан өлкөлөрдө дагы өсүшү мүмкүн. Ошондой эле Борбордук жана Чыгыш Европанын өлкөлөрү да бул көйгөйгө кабылышат.