Австрия ЕБ жарандарын жумушка алуудагы жеңилдиктерди өзгөртүүнү каалайт

Кристиан Керн Сүрөттүн автордук укугу AFP

Австриянын канцлери Кристиан Керн жергиликтүү жумуш берүүчүлөрдө Евробиримдиктеги өлкөлөрдүн жарандарынан мурун биринчи австралиялык жарандарга артыкчылык берген укуктун болушун каалайт.

Азыркы учурда Евробиримдиктеги өлкөлөрдүн эмгек рыногу жалпы, тактап айтканда, ЕБ курамындагы өлкөлөрдүн жарандарынын баары жумушка орношууда бирдей укукка ээ. Кайсыл бир өлкө жумушка алууда өз жарандарына артыкчылык бербейт, ага мыйзам тыюу салат.

Кристиан Керн өз өтүнүчү менен ЕБ лидерлерине кайрыла турганын убада кылды. Вельс шаарындагы ультра оңчул "Эркиндик" партиясынын шайлоодогу жеңишинен кийинки сөзүндө:

"Чыгыш Европанын өлкөлөрү өздөрүнүн жумушсуздугун Австрияга экспорттоп жатат"-деп билдирди социал-демократ Керн.

Бул партиянын өлкөдөгү популярдуулугу соңку учурда өсүп баратат. Керндин убадасын байкоочулар шайлоочулардын көңүлүн буруу үчүн жасалган кадам катары мүнөздөштү. Өткөн жылы президенттик шайлоодо бул партиянын талапкери экинчи орунда болгон. Керндин партиясын болжолу шайлоочулардын 27 пайызы колдошу мүмкүн деген баа берилип жатат.

Өткөн жылы октябрь айында Британиянын Ички иштер министрлиги жумуш берүүчүлөрдү канча чет элдик жумушчуну ишке алганын ачык билдирүүсү боюнча милдеттеме киргизүүнү сунуштаганы бар. Бул дагы биринчи кезекте жумушка алууда өз жарандарына артыкчылык берүү маселесинен улам сунушталган.