Активисттер Трамптын инаугурациясын бузуу үчүн акцияга чогулат

акция Сүрөттүн автордук укугу Getty Images

20-январда Вашингтондо миңдеген демонстранттар каршылык акциясын өткөрүп, жаңы шайланган АКШ Президенти Дональд Трамптын инаугурациясын бузууга ниеттенүүдө.

Каршылык акциясына чыккандар салтанат өтө турган Капитолия имаратына кире турган 12 өткөөлдү бууп салабазы деп турушат. Бул жерде Трамп ант берет.

Акцияга чыга тургандар дагы бир нече "белек" даярдап коюшканын айтып жатышат. Бирок алар Трамптын тарапташтары менен кагылышып кетүү коркунучунан кооптонуп турушат.

АКШнын жаңы Президенти ант бере турган күнү Вашингтондо бир канча акцияларды өткөрүүгө уруксат берилди. Бул жолу Трамптын инаугурациясына 800 миң көрүүчү келет. Коопсуздукту сактоого 15 миңге чукул күч кызматкери тартылды.

Колумбия округунун полиция жетекчисинин милдетин аткарып жаткан Питер Ньюшем, салтанатты бузууга аракет кылгандарга каршы чара көрүүгө полиция даяр экенин эскертти. (AbA)

Тема боюнча башка макалалар