Тажик Президентинин балдарынын карьерасы

Рустам Эмомали Сүрөттүн автордук укугу OFFIGIAL WEBSITE OF THE PRESIDENT OF TAJIKSTAN
Image caption 28 жаштагы Рустам Эмомали КМШ өлкөлөрүндөгү эң жаш генерал эсептелип, Тажикстандагы коррупцияга каршы күрөшкөн агенттикти жетектеп келген.

Тажикстандын Президенти Эмомали Рахмон тун уулу Рустам Эмомалини өлкөнүн баш калаасы Дүйшөмбүгө мэр кылып дайындаган жарлыкка кол койду.

Буга чейин 28 жаштагы Рустам Эмомали КМШ өлкөлөрүндөгү эң жаш генерал эсептелип, Тажикстандагы коррупцияга каршы күрөшкөн агенттикти жетектеп келген. Эми ал 64 жаштагы, атасынын эң жакын кишилеринин бири Махмадсаид Убайдуллоевдин ордун ээледи.

Рустам Эмомали Президенттин тогуз баласынын эң улуусу. Тажикстандагы улуттук университетти бүтүргөн. Мурда ал инвестиция боюнча жана кыймылсыз мүлк боюнча комитеттерде иштеген. Ошондой эле жаштар кеңешинин жетекчи орун басары болгон.

2013-жылы ноябрь айында Рустам Эмомали Бажы кызматынын жетекчиси болуп дайындалган. Эки жылдан кийин жогоруда белгилеп өткөндөй, Тажикстандагы коррупцияга каршы күрөшкөн агенттикти жетектеген.

Сүрөттүн автордук укугу MFA.TJ
Image caption Буга чейин 39 жаштагы Озода Рахмон Тышкы иштер министринин биринчи орун басары болуп иштеген.

Президенттин уулу футболго өзгөчө ышкыбоз, ал өлкөдөгү федерацияны да башкарат. Ѳзүнүн "Истиклол" футбол клубун түзгөн.

Ѳткөн жылы Президент Рахмон өзүнүн жарлыгы менен кызы Озоданы мамлекет башчынын апаратына жетекчи кылып дайындады. Буга чейин 39 жаштагы Озода Рахмон Тышкы иштер министринин биринчи орун басары болуп иштеген.

Озода беш баланын энеси, Жоржтаун жана Мэриленд университеттерин бүтүргөн. Анын күйөөсү Жамолиддин Нуралиев Улуттук банктын жетекчи орун басары болуп иштейт. (AbA)