Австралияда мамлекеттин эсебинен сапарга чыккан министр кызматтан алынды

Саламаттыкты сактоо жана спорт министри Сьюзан Ли Сүрөттүн автордук укугу ABC

Австралиянын Саламаттыкты сактоо жана спорт министри Сьюзан Ли бир нече кызматтык сапарда болуп, анын ичинде мамлекеттик иш менен эмес, жеке иши менен барган учуру да ачыкка чыккандан кийин ал кызматтан кетти.

Ѳлкөнүн премьер-министри Малколм Тернбулл жума күнү министр Линин отставкасын кабыл алды.

"Австралиялыктар саясатчылар салык төлөөчүлөрдүн акчасын кайда жумшап жатканын эсептеп, көзөмөлдөөгө укугу бар. Бардык учурда бул каражат эффективдүү жана этикага сыйа тургандай пайдаланылышы керек»,-деди өкмөт башчы.

Соңку жылдары Австралияда мындай жаңжалдардын бир нечеси болгон. Ошондуктан өкмөт чыгымдарды көзөмөлдөө үчүн көз карандысыз орган түзүүнү чечкен.

Министр Сьюзан Ли бул окуяга кириптер болуп калган себептерин түшүндүргүсү келди. Бирок бул жаңжал өкмөткө сокку болуп, коомчулуктагы кыжырданууга себеп боло баштаганда жумуштан кетүүгө аргасыз болду.

(AbA)