Трамп: Меркель мигранттар боюнча чоң ката кетирген

Трамп: "Меркелди Европадагы эң маанилүү лидер"
Image caption Трамп: "Меркелди Европадагы эң маанилүү лидер"

АКШнын жаңы шайланган президенти Дональд Трамп Ангела Меркель бир миллион мигрантты өлкөсүнө кабыл алуу менен чоң ката кетирди деди.

Ал Меркелди Европадагы эң маанилүү лидер деп атап, ал эми Германия үчүн Европа биримдиги кыймылдаткыч деп атады.

Трамп бул билдирүүлөрдү британиялык жана германиялык гезиттерге берген маегинде билдирди.

Андан тышкары Трамп “Таймс” жана “Бильд” гезиттерине берген маегинде АКШ үчүн адилеттүүрөөк келишимдерди түзүү жана чек араларды бекемдөө алдыда жасалышы керек болгон негизги тапшырмалар экенин айтты.

Ал АКШнын соодадагы дефицит көйгөйүн дүйнөнүн башка өлкөлөрү менен биргелешип чечүү маанилүү иш экенин белгилейт.

Трамп өзүнүн администрациясынын тышкы экономикасы акылдуу соода кылууга багытталышы керектигин айтат.

Ошондой эле Трамп Орусия менен келишим тууралуу айтып жатып, АКШнын санкцияларын алып салуунун ордуна, өзөктүк куралдарды азайтуу боюнча келишимге келүү зарыл деди.

Дональд Трамп Ортоңку чыгыш маселеси тууралуу да сөз козгоп, 2003-жылдагы Ирактагы согуш өлкөнүн тарыхында эң туура эмес чечим болгонун билдирди. (UA)

Тема боюнча башка макалалар