Египетте кол салуудан сегиз полиция каза тапты

полиция Сүрөттүн автордук укугу AFP

Египетте дүйшөмбү күнү кечинде Вади-эль-Гедид провинциясындагы көзөмөл бекетине болгон кол салуудан кеминде сегиз полиция кызматкери каза тапканы кабарланды.

Ѳлкөнүн Ички иштер министрлиги ок атышуу учурунда кол салгандардын экөө атып өлтүрүлгөнүн айтты. Полициянын үч өкүлү жарадар болгон.

2013-жылдан бери мындай кол салуулардан өлкөдө жүздөгөн жоокерлер жана полиция кызматкерлери каза тапты. Кол салууну жихадчылар уюштуруп жатканы айтылып келет. Кол салуу болгон аймактар Израиль жана Газа тилкеси менен чектешкен аймакта орун алат. Ошондой эле Ливияга жакын чек ара аймагында да катталып келүүдө.

9-январда эле Синай аймагындагы көзөмөл бекетинде жардыргычка шыкалган унаа жарылып, сегиз киши каза тапкан. Бул жардыруунун жоопкерчилигин өздөрүн «Ислам мамлекети» деп атаган экстремисттик топ моюнуна алган эле. (AbA)