Шахин: Стамбулдагы кол салууга шектүү күнөөсүн моюнуна алды

Мунун алдында түрк маалымат каражаттарына футболкасында кандын тагы бар, көзү көгөргөн адамдын сүрөттөрү чыккан. Сүрөттүн автордук укугу AFP
Image caption Мунун алдында түрк маалымат каражаттарына футболкасында кандын тагы бар, көзү көгөргөн адамдын сүрөттөрү чыккан. Маалымат каржаттары шектүү кармалганы тууралуу кабарлашкан эле.

Стамбулдагы түнкү клубка кол салган деп шектелген киши Ѳзбекстан жараны болгон жана Ооганстанда даярдыктан өтүп келген деп билдирди Стамбулдун губернатору Васип Шахин.

Анын айтымында шектүү өз күнөөсүн моюнуна алган. Абдулкадир Машариповдун манжаларынын изи кол салуу болгон жерде калган издер менен дал келген деп кошумчалады Шахин. Ал ошондой эле Машарипов Түркияга 2016-жылдын январь айында мыйзамсыз жол менен келгенин айтты. Аны менен бирге Ирак жараны жана үч аял камакка алынды. Бардыгы болуп Reina клубуна кол салуу боюнча 50 киши камакка алынган.

Мунун алдында түрк маалымат каражаттарына футболкасында кандын тагы бар, көзү көгөргөн адамдын сүрөттөрү чыккан. Маалымат каржаттары шектүү кармалганы тууралуу кабарлашкан эле.

Стамбулда Жаңы жыл күнү түнкү клубда белгисиз адам ок чыгарып, 39 адам каза тапкан, 70 киши жаракат алган эле. Кол салуунун жоопкерчилигин өздөрүн «Ислам мамлекети» деп атаган экстремисттик топ моюнуна алган. (AbA)

Тема боюнча башка макалалар