Бул жолку Давос экономикалык форумунун айырмачылыгы

Давос лого Сүрөттүн автордук укугу AFP

Си Цинпин: Дүйнөнүн экономика көйгөйлөрүнө глобализация себепкер эмес.

Кытай президенти Си Цзинпин дүйнөнүн экономикалык көйгөйлөрүнө глобализация себепкер эмес деп билдирди. Швейцарияда жыл сайын өтүүчү Давос экономикалык форумунда сүйлөгөн сөзүндө, Кытай президенти киреше ажырымы жана глобализациянын начар башкарылышы сыяктуу кеңири таркаган көйгөйлөр эл аралык коомчулук менен бирге чечилиши абзел деди. Си Цзинпиндин айтымында, Кытай эл тоскоолсуз саякаттаган, акча жана товарлар эркин жүгүртүлгөн дүйнөнү көздөйт.

Бул жолку Давос экономикалык форумунун айырмачылыгы

Кытай президенти Си-Цзинпин мурда Давос форумдарына катышкан эмес. Анын бул жылы форумга келип катышуусу чоң мааниге ээ. АКШ президенттигине шайланган Доналд Трамп АКШнын экономикасын оор абалга кептеди деп Кытайды айыптап келген. Кытай бул дооматтарга жооп кайтарып, өзүнүн экономикалык кубаттуулугун Давос форумунда тайманбай көрсөттү. Си-Цзинпин АКШны кытай экспортунан коргойм деген Доналд Трамптын убадасына жооп кылып, соода согушу эч кимге кереги жок деп айтты.

Андан тышкары, дүйнөнүн эң чоң коммунисттик өлкөсү Давос форумунда глобализация менен эркин сооданын пайдасына басым жасаганы адаттан тыш окуя болду. Ошол эле учурда, капитализмдин чордону болуп эсептелген АКШнын жаңы президенти эркин сооданын мыйзамдары кайрадан каралышы керектигин билдирди. Давос форумуна экономикасы күчтүү ири өлкөлөрдүн лидерлери катышат. Доналд Трамп бул жерге акырын батынып кирбестен, өзүнүн шарты менен кирүүнү көздөйт. Ал эми Кытайдын лидери эркин соода - Азия жана батыш экономикаларын өстүрүүгө жол салат, деп айтты.

Кытайдын эл аралык экономикадагы кубаттуулугу

Давос форумуна Кытай абдан чоң делегация чолгутуп келди. Албетте Кытайга глобализация керек. АКШ өлкөсүнүн ичинде чийки продукцияны чыгарууну көздөсө, Кытай өзүнүн экоонмикалык салмагын сыртка чыгаргысы келет. Мисалы, Кытай Дүйнөлүк Банкка тең таяшып туруу максатында Азия Инфрастуктура банкын ачты. Си Цзинпиндин мурдагы Жибек жолундагы сооданы кайра жандантайын деген ниети бар. Мунун баардыгы күүлөнүп, күчтөнүп келе жаткан Кытайдын экоонмикалык кубатуулугунан кабар берет.

Тектеш темалар