Элүүдөн ашык конгрессмен Трамптын ант берүү салтанатына бойкот жарыялайт

Трамп өзүнүн «Твиттердеги» баракчасына "булардын баары жөн эле сөз, жөн гана жыйынтыгы жок сөз" деп жазды Сүрөттүн автордук укугу THE TIMES
Image caption Трамп өзүнүн «Твиттердеги» баракчасына "булардын баары жөн эле сөз, жөн гана жыйынтыгы жок сөз" деп жазды

АКШдагы Демократиялык партиянын элүүдөн ашык конгрессмени жаңы шайланган Дональд Трамптын ант берүү салтанатына бойкот жарыялайт. Буга чейин 20-январда өтө турган инаугурация күнүндө 26 конгрессмен бойкот жарыялай турганын айтышкан.

Көптөгөн америкалыктар үчүн баатыр деп саналган демократ Жон Льюис Дональд Трампты мыйзамдуу шайланган президент деп эсептебей турганын билдирип келет.

Башка конгрессмендер да Льюистин пикири менен макул. Алардын пикиринде Трамптын бийликке келишине Орусия кийлигишкен деген маалыматтар бар.

Ал эми Трамп өзүнүн 'Твиттердеги' баракчасына 'булардын баары жөн эле сөз, жөн гана жыйынтыгы жок сөз' деп жазды.

Өткөн аптада бир нече активисттер Трамп тууралуу оюн билдирип, Вашингтондо миңдеген демонстранттар каршылык акциясын өткөрүп, жаңы шайланган Трамптын инаугурациясын бузууга ниеттенип жатканын айтышкан.

Акцияга чыга тургандар дагы бир нече "белек" даярдап коюшканын айтып жатышат. Бирок алар Трамптын тарапташтары менен кагылышып кетүү коркунучунан кооптонуп турушат.

АКШнын жаңы президенти ант бере турган күнү Вашингтондо бир канча акцияларды өткөрүүгө уруксат берилди. Бул жолу Трамптын инаугурациясына 800 миң көрүүчү келет. Коопсуздукту сактоого 15 миңге чукул күч кызматкери тартылды. (ErA)