Швейцариялык адвокат: "Гүлнара Каримованын тагдыры Мирзиёевдин колунда"

Гулнара Каримова Ташкентте 2014-жылдын 18-февралында кармалган.
Image caption Гүлнара Каримова Ташкентте 2014-жылдын 18-февралында кармалган

Өзбекстандын мурдагы президенти Ислам Каримовдун кызы Гүлнара Каримованы 9-10-декабрь күндөрү швейцариялык тергөөчүлөр Ташкентте чет өлкөгө мыйзамсыз акча которгону тууралуу сурамжылоого алганын "Wall street" журналы кабарлаган. Ал Швеция жана Швейцарияда мыйзамсыз акча которуу жана Өзбекстанда финансылык кылмыштарга шектүү катары иликтенүүдө. Би-Би-Си Женевадагы адвокаттар палатасынын өкүлү, швейцариялык адвокат Грегуар Манжеадан маек алды.

Би-Би-Си: Гүлнара Каримова менен качан жана кайсыл жерде жолуктуңуз?

Грегуар Манжеа: Өткөн жылдын декабрь айында биринчи жолу кардарым Гүлнара Каримова менен жолуктум. Ага чейин электрондук почта аркылуу да байланышканга мүмкүнчүлүк жок эле. Мен 10-декбарда Өзбекстанда болуп келгенде Гүлнара Каримова жакшы эле болчу. Сол колу көгөргөн болсо дагы, жалпысынан алганда ден-соолугу жакшы эле деп айта алам.

Би-Би-Си: Эмне максатта жолугуштуңар эле?

Грегуар Манжеа: Мен швейцариялык көз карандысыз адвокат катары Гүлнара Каримованын соттук териштирүүсүндө жолукканмын. Менин өзүмдүн көз карандысыз юридикалык ишканам бар жана мен жалгыз Гүлнара Каримованын кызыкчылыктарын коргойм. 2014-жылы сот тарабынан дайындалганыма карабастан, көз карандысыз адвокат болууну талап кылдым, себеби Гүлнара Каримованын мени менен байланышканга да, мага маалымат бергенге да мүмкүнчүлүгү болгон эмес. Гүлнара Каримова Ташкентте 2014-жылдын 18-февралында кармалган. Түзүлгөн кырдаалдын түпкү себеби болгон татаал саясий жана үй-бүлөлүк кутумдун жагдайлары кийинчерээк, Швейцариядагы соттук териштирүүнүн алкагында айтылат. Гүлнара Каримова Өзбекстанда эч бир соттук териштирүүлөргө катышкан эмес. Өзбекстанда ал бир дагы соттук иш материалдарга жакындатылган эмес. Каримовага өзүнүн пикирин айтууга, соттун ага каршы чыгарган чечимине арызданууга да мүмкүнчүлүк берилген жок. 2015-жылдын 21-августунда эрте мененки саат сегизде өзбекстандык тергөөчү, анын жанында өздөрүн сот деп тааныштырган бир же эки адам жана Гүлнара мурда жолуктурбаган эки адвокат камакка алынган жайдын ашканасына кирип келишкен. Алар Гүлнаранын маңдайына отуруп алып, соттун өкүмү деп атаган текстти окуп беришти. Гүлнара Каримова эсин жоготуп алгандан кийин капельницада жатпаган болсо бул жасалма адилеттүүлүктүн жүрүшүнө катышмак болчу. Ашканада болгон адамдар бул окуяны тасмага тартып жатканы Гүлнаранын эсинде бар. Менин кардарым мүлктөрүн кайра кайтарып алууга мүмкүнчүлүк берилбей тургандай конфискацияланган. Кыймылсыз мүлк жана жергиликтүү ишканалардагы акциялары жок болуп кетти.

Би-Би-Си: Өзбекстандын расмийлери кандай шарттар менен Гүлнара Каримова менен жолугууга уруксат беришти?

Грегуар Манжеа: Иштин сотто каралышына чейин эки күндүн ичинде талаптарга ылайык Гүлнара Каримова менен Өзбекстандын тергөө боюнча мекемесинде жолуктум. Биринчи күнү Өзбекстандын тергөөчүлөрү эки өзбекстандык адвокатты сотто катыштырууга аракет кылган эле. Мен ага уруксат берген жокмун.

Би-Би-Си: Гүлнаранын физикалык акыбалы жана акыл-эси кандай абалда эле?

Грегуар Манжеа: 9-10-декабрь күндөрү иштин сотто каралып жаткан учурунда Гүлнара Каримова өзүн кайраттуу кармап, өзүнүн актыгы үчүн күрөшүүгө даяр эле. Ал тергөөчүлөргө окуп бериши керек болгон нерселерди окуудан баш тартты. Аскердик формачан өзбекстандык үч тергөөчүнүн маңдайында эч тайманбастан, эр жүрөктүгүн көрсөттү. Бирок Гүлнара Каримова эки учурда көз жашын токтото алган жок. Биринчи жолу соттун чечими окулуп жатканда жана анын кызы менен жолугушуу укуктары тууралуу сөз болуп жатканда ыйлаган.

Image caption Гүлнара Каримова өзүн кайраттуу кармап, өзүнүн актыгы үчүн күрөшүүгө даяр эле

Би-Би-Си: Соттук отурумда дагы кимдер бар эле?

Грегуар Манжеа: Гүлнара Каримованын иши биринчи жолу 9-10- декбарда Швейцариянын мамлекеттик тергөө мекемесинин эки тергөөчүсү тарабынан каралган. Анда өзбекстандык үч тергөөчү да катышкан эле. Жогоруда айтып өткөн Өзбекстандын эки адвокаты да соттук отурумда бар эле, бирок алар 23 саат бою бир да сөз сүйлөп койгон жок. Өзүм болсо суроо сурай алган жокмун.

Би-Би-Си: Аны коопсуздук кызматкерлери эмне себептен коштоп жүрөт?

Грегуар Манжеа: Гүлнаранын коопсуздугу бекем эмес. Ал өзүнүн Ташкент шаарындагы чакан үйүндө камакка алынган. Үйдүн абалы жакшы эмес, тамдын айрым бөлүктөрү күйүп да кеткен. Гүлнара башка адамдар менен жолугушууга мүмкүнүлүгү жок, жалгыз кармалууда. Өзүнүн адвокаттары жана балдары менен байланышканга уруксат берилген эмес. Өткөн эки жылдын ичинде Гүлнаранын кызы менен аз эле жолу жолукканга мүмкүнчүлүк берилди. Жакында эле, өткөн жылдын ноябрь айында Гүлнара Каримова бир айдан кийинки боло турган иштин сотто каралышы боюнча абдан күчтүү басымга алынган эле. Алдыдагы соттук териштирүүдө швейцариялык тергөөчүлөргө айта турган сөздөрүн айтып берүүсү үчүн Гүлнараны камакка алынган үйдөн бир нече жолу алып кетишкен.

Би-Би-Си: Гүлнаранын соту учурунда анын кызы Иман да бар беле же аны менен сиз өзүнчө жолуктуңузбу?

Грегуар Манжеа: Жок, Гүлнаранын кызы сотто болгон жок. Ага өзүнчө дагы жолуга алган жокмун.

Би-Би-Си: Каримовдордун башка үй-бүлө мүчөлөрүнө жолуктуңузбу?

Грегуар Манжеа: Жок, Каримовдордун эч кимисине жолуккан жокмун.

Би-Би-Си: Сиз батыш мыйзамынын өкүлү болгондуктан, Гүлнара туура эмес кылган иштерин кабыл алдыбы? Батышта соттолгонго даярбы?

Грегуар Манжеа: Гүлнара Каримова швейцариялык сот иштеринин материалдары менен таанышкандан кийин гана айыптоолор боюнча өзүнүн позициясын билдирет.

Би-Би-Си: Сиз мындан кийин кандай кадамдарды жасайсыз?

Грегуар Манжеа: Швейцариянын кылмыш боюнча процессуалдык мыйзамына ылайык, айыпталуучунун иши сотто биринчи жолу каралгандан кийин гана иштин материалдары менен таанышып чыгууга болот. Гүлнаранын иши сотто биринчи жолу Ташкентте 2016-жылдын декабрында каралгандыктан, биз эми гана иштин материалдары менен таанышып, ишке киришкени жатабыз. Биздеги маалыматка ылайык, швейцариялык иштин материалдары 10 000 папкадан турат экен. Ошондуктан Гүлнара менен бир айда 2-3 жолу коопсуз жагдайда жолугуу шарты менен, мага жана менин кызматкерлериме таасирдүү жактоо даярдоо үчүн кеминде 12 айдан 18 айга чейинки убакыт керек болот. Гүлнара Каримованын жана анын кызынын коопсуздугу камсыздалышы үчүн эл аралык уюмдар менен биргеликте иштешим зарыл. Өзбекстанда соттолуп жаткан тарапка тиешелүү урматтоо менен мамиле кылган, таасирдүү соттук система өлкөдө орногонго чейин Гүлнара Каримованын ишин адилеттүү жана тынчтык жолу менен чечип бере ала турган киши Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев. Гүлнара Каримовага балдары менен татыктуу шарттарда жолугууга мүмкүнчүлүк түзүлүп берилиши да абдан маанилүү. Андан тышкары Гүлнарага Швейцариядан башка өлкөлөргө дагы өзүн юридикалык жактан коргоого мүмкүнчүлүк берилиши керек. Тилекке каршы азыркы учурда анын кармалган шарттары өзүн коргоого эч кандай мүмкүнчүлүк бербейт. (UA)

Тема боюнча башка макалалар