Италиядагы жер титирөөнүн оор кесепеттери

Image caption Миңдей үй-бүлө электр жарыгы жок калды

Италиянын Марке регионунун бийликтери шаршембиде болгон жер титирөөнүн оор кесепеттери жөнүндө билдирип, жардам сурап кайрылышты.

Шаршембиде эртең менен Италиянын Лацио, Абруццо жана Марке областтарында бир нече сааттын ичинде магнитудасы бештен ашкан төрт катуу жер титирөө болуп өттү.

Кар көчкү жүрүп, ошондон кийин жер титирөө болду. Миңдей үй-бүлө электр жарыгы жок калды. Бир нече кыштактын жашоочулары сырткы дүйнөдөн обочо калышты.

Терамо шаарында 83 жаштагы бир адам өзүнүн сарайынын урандыларынын алдынан табылды. Кар көчкү жүргөндөн кийин дагы бир адамдын дайын-дареги белгисиз болуп жатат.

Жер титирөө Лацио регионунда, анын ичинде Римде дагы сезилип, метронун иши убактылуу токтоп турду.

Аматриче жана Норча шаарларына жакын тоолуу жерлерде бир суткадан ашык кар көчкү жүргөндөн кийин жер титиреди.

Италиянын геофизика жана вулканология институту шаршембиде Абруццо жана Лацио шаарларында шаршембиде магнитудасы экиден ашкан эки жүздөн ашык силкинүүлөрдү каттады.

Биринчи катуу жер титирөө жергиликтүү убакыт боюнча 10:25 те (Гринвич боюнча 9:25) болду. Төртүнчүсү 14:33 дө (Гринвич боюнча 13:33) катталды.

АКШнын Геологиялык кызматынын маалыматтары боюнча жер титирөөнүн очогу болгон тереңдик анча чоң эмес - 6,9 км ден 9 км ге чейин болду. Бул деген анчалык катуу эмес жер титирөө дагы кыйраткыч кесепетке алып келет дегенди билдирет.

Италияда өткөн жылы болгон жер титирөөдө 300 адам набыт болуп, миңдеген үйлөр кыйраган. Аматриче жана Пескара-дель-Тронто шаарлары баарынан көп жапа чеккен.

Тема боюнча башка макалалар