Samsung: Galaxy Note 7 аккумулятордогу кемчиликтен улам жарылып кеткен

Galaxy Note7 смартфон Сүрөттүн автордук укугу AFP

Түштүк Кореялык Samsung компаниясы Galaxy Note 7 смартфондорундагы жарылып кеткен учурлар жараксыз аккумуляторлордон улам болгонун билдирди.

Аталган компания өз билдирүүсүндө бул катачылык үчүн жоопкерчиликти өзүнө алганын айтып, адистер смартфон конструкциясын жана батареяларын чыгарууну өзгөртө турганын белгиледи.

"Бул кайра кайталанбашы үчүн биз чараларды көрдүк',-деп айтылат билдирүүдө.

Galaxy Note7 смартфондору 2016-жылдын август айында сатыкка чыгарылган. Көп өтпөй эле батареяларында мандем бар экени тууралуу даттануулар түшүп, жарылып кетип жатканы айтылган болчу. Samsung аккумуляторунда жетишпестик бар делген 2,5 млн үлгүдөгү телефондорун артка чакырткан. Бул расмий билдирүүдөн кийин рынокто Samsung баасы 13% арзандаганы бар.

Көп өтпөй кардарларга жаңы “коопсуз” делген үлгүлөрдү таратып башташкан. Бирок кайра эле жарылып кеткен, күйгөн учурлар катталгандан кийин Galaxy Note 7 үлгүсүндөгүсмартфон сатыктан алынып, анын себептери иликтенип жаткан эле.

Мунун арты менен компания 5,3 млрд доллар чыгым тартып, репутатциясына бир топ көлөкө түшүрүп алган.