Кытайда төрөт көрсөткүчү рекорддук чекке жеткен

бала Сүрөттүн автордук укугу AFP
Image caption Кытай бийликтери «Бир үй бүлө - бир бала» саясатын өзгөртүү өз учурунда жасалган деп белгиледи.

2016-жылы Кытайда 17,86 млн бала төрөлгөнүн саламаттыкты сактоо жана баланын төрөлүүсүн пландоо мамлекеттик комитетинин өкүлү Ян Вэньчжуан билдирди. Бул 2000-жылдан берки балдардын төрөлүүсүнүн эң жогорку көрсөткүчү.

Мындай көрсөткүч бала төрөй турган курактагы аялдардын саны 5 миллионго кыскарып кеткенине карабастан орун алды. Салыштыруу үчүн алганда, 2011-2015-жылдар аралыгындагы балдардын төрөлүүсүнүн көрсөткүчү 1,4 млн балага аз болгон. Кытай бийликтери «Бир үй бүлө - бир бала» саясатын өзгөртүү өз учурунда жасалган деп белгиледи.

Кытай өзүнүн демографиялык саясатына 2015-жылдын октябрь соңунда өзгөртүүлөрдү киргизип, башкаруучу коммунисттик партия үй бүлөдө эки баланын төрөлүүсүнө уруксат берген.

«Бир үй бүлө - бир бала» саясаты 1979-жылы калктын санын өсүүсүн чектөө үчүн киргизилген болчу. Ошондон бери эки балалуу болгондорго акчалай айып салынып, башка дагы жазаларды берип келишкен.

Жыйынтыгында эмгекке жарамдуу катмар азайып кетти. Азыр бийлик жумушка жарамдуу кытайлар жакынкы убактарда абдан тез картайып барткан муунду багууга чамасы жетпей калат деп кооптонууда.

Тектеш темалар

Тема боюнча башка макалалар