Астанада Сирия боюнча тынчтык сүйлөшүүлөр болот

Тынчтык боюнча сүйлөшүүлөр Астанадагы "Rixos President Hotel" мейманканасында өтөт
Image caption Тынчтык боюнча сүйлөшүүлөр Астанадагы "Rixos President Hotel" мейманканасында өтөт

Сирияда конфликт боюнча тынчтык сүйлөшүүлөр Казакстандын Астана шаарында өтүшү күтүлүүдө.

Сүйлөшүүлөр Сирия мамлекетин колдогон Орусия жана Ирандын ортомчулугу менен уюштурулууда.

Өткөн жылдын башында Женевада БУУ тарабынан уюштурулган сүйлөшүүлөр токтоп калгандан кийин Астанадагы бул жолугушуу сүйлөшүүлөрдүн уландысы болмокчу.

Бул сүйлөшүүлөрдө оппозициянын негизги өкүлдөрү катышып, “Ислам мамлекети” аталган радикалдуу топ сыяктуу согушчандардын өкүлдөрү катышуудан четтетилет.

Алты жылдан бери уланып келаткан согуштун натыйжасында 300 000 адам курман болуп, 11 миллион адам турак-жайын таштап кеткенге мажбур болгон.

БУУнун өкүлү болуп Стефан де Мистура катышып жатса, АКШнын өкүлү катары Американын Казакстандагы элчиси дайындалды.

Орусиянын ортомчусу Александр Лаврентьев согушта катышкан тараптар бетме-бет жолугушабы же ортомчулардын жардамы менен сүлөшүшөбү азырынча белгисиз деди.

Жыйындын уюштуруучулары сүйлөшүүлөрдөн өтө орчундуу жыйынтык күтүү зарылдыгы жок экенин белгиледи. Казакстандын премьер министри жыйын шейшембиде аяктай турганын билдирди.

Сирия мамлекетинин делегациясынын башчысы Башар аль Жафари сүйлөшүүлөр өткөн айдан бери уланып келаткан тынчтык келишимин мындан ары да күчтөндүргөнгө багытталат деди.