Урандыга айланган Алеппо чыгышындагы жашоо сүрөттөрдө

Качандыр бир Сириянын эң чоң шаары болгон Алеппону төрт жылга созулган жарандык согуш урандыга айландырды. Би-Би-Синин Жакынкы Чыгыш боюнча кабарчысы Жереми Боуэн, көп убакыт көтөрүлүшчүлөрдүн колунда турган Алеппонун чыгышында болуп келди.

Сүрөттүн автордук укугу Jeremy Bowen
Image caption Алеппо чыгышындагы талкаланган райондогу баррикада.
Сүрөттүн автордук укугу Jeremy Bowen
Image caption Урандыга айланган шаарды аралаган балдар. Согуш алардын өмүрүн, балалыгын, билимин алып кетти.
Сүрөттүн автордук укугу Jeremy Bowen
Image caption Талкаланган имараттардын жанында жашылча-жемиш сатылып жатат.
Сүрөттүн автордук укугу Jeremy Bowen
Image caption Бул тестиерге бадыраң жегенге жана жылынганга мүмкүн болду. Алеппо чыгышы курчоодо турганда бул тарапка тамак-аш жеткирүүгө мүмкүн болгон эмес.
Сүрөттүн автордук укугу Jeremy Bowen
Image caption Алеппо чыгышындагы бардык райондордо сууну ушундай цистернадан гана алууга мүмкүн. Шаардын инфраструктурасы кыйрап, керектен чыккан. Ураган, талкаланган үйлөргө 40 миңдей тургун кайра келди.
Сүрөттүн автордук укугу Jeremy Bowen
Image caption Үй бүлөсү үчүн суу алып бара жаткан тестиер. Жакшылап байкаган кишиге анын жүзүндө тырык калган.
Сүрөттүн автордук укугу Jeremy Bowen
Image caption Согуштук жаңжалдардын баарында балдар жабыр тартышкан. Аларды көп учурда кыйынчылык шарттарга көнүп, зирек болгону аман сактаган. Бул балдардын тобу «Халаб» (Алеппо) деп кыйкырышууда.
Сүрөттүн автордук укугу Jeremy Bowen
Image caption Алеппонун тарыхый бөлүгү - Эски шаар деген аталышы менен белгилүү болгон аймагында татууларды жасап башташты.
Сүрөттүн автордук укугу Jeremy Bowen
Image caption Сириядагы көпчүлүк балдар мектепке барбайт. Алеппо чыгышында болсо жаш балдар жашоо үчүн күрөшүп, чоңдордун жүгүн кошо тартууда.
Сүрөттүн автордук укугу Jeremy Bowen
Image caption Ээнсиреген жана талкаланган көчөлөр көңүлгө кайгыны чөбөгөлөнтөт. Кыязы, бул жерде болгон зомбулук жана өлүм шаарды таштап чыгып кеткиси келбегендей, жүрөктү муңга батырат.
Сүрөттүн автордук укугу Jeremy Bowen
Image caption Алеппонун тарыхый бөлүгү - Эски шаар. Бул баррикаданын арты менен фронттун сызыгы өткөн. Көтөрүлүшчүлөр аркы тарабында коргонуп турушкан.

Тектеш темалар

Тема боюнча башка макалалар