АКШ сенатынын комитети Тиллерсонду мамлекеттик катчы кызматына колдоду

Тиллерсон Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Эми бул кызматка келүү үчүн Тиллерсон палатадагы 100 добуштун кеминде 51 добушуна ээ болушу керек.

АКШ сенатындагы тышкы саясат боюнча комитет мамлекеттик катчы кызматына ExxonMobil мунай компаниясынын мурунку жетекчиси Рекс Тиллерсондун талапкерлигин колдоду.

Добуш берүүнүн жүрүшүндө сенатаорлор экиге бөлүндү, 11 республикачыл сенатор Тиллерсонду колдосо, калган 10 демократтар каршы добуш берген. Эми бул кызматка келүү үчүн Тиллерсон палатадагы 100 добуштун кеминде 51 добушуна ээ болушу керек. Республикачылар сенатта көпчүлүктү түзүп, 52 добушу бар.

Республикачылардын белдүү өкүлдөрү, сенаторлор Жон Маккейн, Линдси Грэм жана Марко Рубио буга чейин Тиллерсондун талапкерлигин сынга алышканы бар. Бирок жыйынтыгында алар дагы колдоо көрсөтүүнү чечкен экен.

Тиллерсондун талапкерлигине добуш берүү келе жаткан аптада болушу мүмкүн деп күтүлүп жатат. Айрым демократтар анын талапкерлигин Орусияга болгон позициясынан улам сынга алууда.

ExxonMobil компаниясынын жетекчиси болуп турган учурда Тиллерсон бир нече ирет Орусияда болгон. 2013-жылы орус Президентинин колунан «Достук» орденин да алган экен.

Дональд Трамп анын талапкерлигин 2016-жылдын 13-декабрында көрсөттү. 11-январда Тиллерсон сөз сүйлөп, Орусия коркунуч жаратарын белгиледи, бирок ошол эле учурда Москва менен «ачык жана чынчыл диолог» түзүүгө чакырган эле. (AbA)

Тема боюнча башка макалалар