Астана: Сирия боюнча сүйлөшүүлөрдүн биринчи күнү

Башар Жаафари Сүрөттүн автордук укугу EPA
Image caption Астанага расмий Дамасктын делегациясын жетектеп келген Сириянын БУУдагы элчиси Башар Жаафари биринчи сүйлөшүүлөрдө оппозиция чагымчыл аракеттерге барып жатат деп билдирди.

Астанага расмий Дамасктын делегациясын жетектеп келген Сириянын БУУдагы элчиси Башар Жаафари биринчи сүйлөшүүлөрдө оппозиция чагымчыл аракеттерге барып жатат деп билдирди.

Ал козголоңчулардын атынан келген Мохаммед Алушту башынан эле сүйлөшүүлөрдө өзүн «дипломатиядан алыс кармап» келүүдө дейт.

Алуш болсо түрк аскер күчтөрүн жана алардын союздаштарын жарашуу келишимин бузду деп айыптады. Ал ошондой эле козголоңчулар жарандык согушту токтотуунун бир жолун саясый жөнгө салуу аркылуу ишке ашат деп турушканын айтты. Бул артыкчылык берилген вариант, бирок жалгыз эмес дейт. Муну козголоңчулардын дагы бир өкүлү Осама Абу Зейд да колдоду.

Сүрөттүн автордук укугу EPA
Image caption Бул сүйлөшүүлөр Орусия, Иран, Түркиянын ортомчулугу менен ишке ашып жатат. Тараптар бир үстөлгө олтурушканы менен түз сүйлөшүүлөр болгон эмес. Сүйлөшүүлөр ортомчулар аркылуу гана жүргөн.

Ал Франс пресс агенттигине: "Эгер сүйлөшүүлөр ийгиликтүү болсо, биз сүйлөшүүлөр үчүн. Эгер андай болбосо, тилекке каршы бизде күрөштү улантуудан башка жол жок»,- деди.

Жолугушууга ММК өкүлдөрү киргизилген жок. Бирок кийнчерээк интернетке ушул жолугушуу болушу мүмкүн делген тасма жарыяланды. Ал тасмада Мохаммад Алуш Сириянын Президенти Башар Асаддын өкмөтүн террористтик деп атап, сириялык аскер күчтөрүн жана ливандык "Хезболла" тобун дүйнөдөгү террористик уюмдардын тизмесине кошууну сунуштаган деп билдирет Ассошиэйтед пресс.

Казакстан баш калаасында сүйлөшүүлөрдө биринчи жолу оппозициялык делегациянын курамына козголоңчулардын куралдуу топторунун өкүлдөрү кирди. БУУнун ортомчулугу менен өткөн Женевадагы сүйлөшүүдө оппозициянын делегациясына куугунтукта жүргөн саясатчылар кирип, сүйлөшүүлөрдө жылыш болгон эмес.

Бул сүйлөшүүлөр Орусия, Иран, Түркиянын ортомчулугу менен ишке ашып жатат. Тараптар бир үстөлгө олтурушканы менен түз сүйлөшүүлөр болгон эмес. Сүйлөшүүлөр ортомчулар аркылуу гана жүргөн.

2011-жылы Сирияда жарандык согуш тутангандан бери 300 миңдей киши каза тапты. 11 миллионго чукул адам өз үйүн таштап, жер которууга аргасыз болду.

Казакстанда өтүп жаткан сүйлөшүүлөрдүн негизги максаты буга чейинки жетишилген тынчтык келишимин чыңдоо. Азырынча тараптар ок атышпоо келишимин бузду деп бири-бирин айыптап жатат. Астанадагы жолугушуу канча күнгө созулаары азырынча белгисиз. Айрым маалыматтарда бүгүнкү жолугушууда эки тараптуу билдирүү даярдалат деп күтүлүүдө. (AbA)

Тектеш темалар

Тема боюнча башка макалалар