Трамп Транс-Тынч океан келишиминен чыгуу жарлыгына кол койду

Трамп Транс-Тынч океан экономикалык келишимден чыгуу боюнча буйрукка кол койду
Image caption Трамп Транс-Тынч океан экономикалык келишимден чыгуу боюнча жарлыкка кол койду

АКШнын жаңы шайланган президенти Дональд Трамп Транс-Тынч океан келишиминен чыгуу боюнча убадасын аткарып, тиешелүү жарлыкка кол койду.

Он эки өлкө мүчө болгон бул келишим АКШнын мурдагы президенти Барак Обаманын Азия боюнча саясатынын өзөгү болчу.

"Америкалык жумушчу үчүн абдан жакшы чечим кабыл алдык", - деди Трамп тиешелүү документке кол коюп бүткөндөн кийин.

Трамптын бул жарлыкка кол койгону символикалык кадам болду, себеби буга чейин аталган келишим АКШ конгрессинин колдоосунан өткөн жок болчу.

Президенттик шайлоо өнөктүгү учурунда Трамп бул келишим өлкөдөгү өндүрүш тармагына зыян алып келет деген билдирүүлөрдү жасаган.

Анын бул кадамы солчулдардын да, оңчулдардын да алкышына татыды.

Демократиялык сенатор Берни Сандерс Би-Би-Сиге берген маегинде Транс-Тынч океан сыяктуу келишимдер АКШнын экономикасына олуттуу зыян алып келип, көптөгөн жумуш орундарды кыскартып келген деди.

Трамп андан тышкары бойдон алдырууну каржылаган жана жумушчу орундардын түзүлүшүнө тоскоолдук кылган чет элдик ишканалардын каржылоосун кыскартты.

Дүйшөмбү кечинде президент Мамлекеттик катчы катары тандаган Рекс Тилерсен сенаттын тышкы иштер боюнча комитетинин макулдугун алып, эми анын кызматка дайындалышы үчүн бүтүндөй сенаттын колдоосу гана калды.

АКШнын чалгын кызматынын жаңы жетекчиси болуп сенаттын 66 добушун алган Майк Помпео дайындалат. (UA)

Тема боюнча башка макалалар