Сот Британия өкмөтүн Брекситтен өз алдынча чыгууга тыюу салды

Британиянын Жогорку Соту Сүрөттүн автордук укугу Getty Images

Британиянын Жогорку Соту Европа биримдигинен чыгууну ишке ашыруу үчүн өкмөт алды менен парламенттин макулдугун алышы керек деген бүтүм чыгарды.

Сот бул чечими менен Лондондун Жогорку сотунун ноябрь айындагы бүтүмүн колдоду.

Жогорку соттогу жараянда Британиянын ЕБдан чыгуу же чыкпоо маселеси каралган жок. Тараптардын баары буга макулдук берип, 2016-жылдын 23-июнунда өткөн референдумда дээрлик добуш берүүгө келген британиялыктардын 52 пайызы Евробиримдиктен чыгууну жакташкан.

Тереза Мэйдин өкмөтү министрлер Брексит боюнча сүйлөшүүлөрдү өткөрө алат деп айтууда. Анткени буга чейин парламент референдум боюнча мыйзамды кабыл алган дейт өкмөттүн юристтери.

Мунун алдында басылмалар өкмөт эгер соттон утулуп кала турган шартка ылайыктап мыйзам долбоорун даярдап койгонун жазышкан. Ага ылайык парламент Мэйдин өкмөтүнө Брекситтен чыгуу процедураларын баштоого жол берет. Өкмөттүн оюнча, бул мыйзам тез арада Брекситтин графигин бузбастан коомдук палатадан жана лорддон палатасынан өтүшү керек.

Премьер-министр Тереза Мэй буга чейин Евробримдиктен чыгуу боюнча план ушул жылдын март айынан баштап ишке ашып баштарын айтканы эле. Лиссабон келишиминдеги ЕБдан чыгуу жолдору камтылган 50-беренеге ылайык, биримдиктин курамынан чыгуу жараяны болжолу эки жылга созулушу мүмкүн.