Ирак бийлиги Мосулдун чыгышы толук бошотулганын билдирди

Мосул Сүрөттүн автордук укугу Reuters
Image caption Мосулду бошотуу операциясы 2016-жылдын 17-октябрында башталаган.

Ирактын премьер-министри Хайдер Абади Мосулдун чыгыш тарабы өздөрүн «Ислам мамлекети» деп атаган экстремисттик топтун согушкерлеринен толук бошотулду деп билдирди.

Мосулду бошотуу операциясына катышкан аскер күчтөрү жана элдик кошуундар «болуп көрбөгөндөй эрдик кылды» деди премьер-министр. Ирак бийлиги Мосулдун батыш бөлүгүн качан боштууга киришери тууралуу Абади сөз кылган жок.

Мосул шаары жихадчылар тарабынан 2014-жылдын июнь айында басып алынган. Ошондон бери Ирактагы экстремисттик топтордун бекем чеби болуп келди. Мосулду өкмөттүк күчтөр толук бошотсо, анда бул өлкөдөгү «Ислам мамлекети» экстремисттик тобунун таянычтары калбай, кыйроого учурайт.

Мосулду бошотуу операциясы 2016-жылдын 17-октябрында башталган. Ирак аскерлери жана полицияга күрттөрдүн жана шииттердин кошуундары көмөк көрсөтүүдө. Ал эми АКШ баштаган коалиция абадан колдоо көрсөтүп жатат.

БУУнун маалыматына караганда бошотулган райондорго гуманитардык жардамдар жеткириле баштады. Мосулду бошотуу операциясы башталгандан бери 130 миңге чукул киши шаарды таштап чыгып кетти.

Тема боюнча башка макалалар