Мексика АКШ тургузам деген чек арадагы дубалдын курулушуна каражат төлөбөйт

чек ара Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Мыйзамсыз миграцияны токтотуу үчүн 3,2 миң километр дубал тургузуу керек деген идеясын Трамп бир жылдан бери эле активдүү көтөрүп келген.

Мексика Президенти Энрике Пенья Ньето АКШ менен чек арасына дубал тургузуу боюнча Дональд Трамптын чечимин сынга алып, Мексика эч кандай курулушка акча төлөбөйт деп билдирди.

АКШ аймагындагы мирганттардын укугун коргоо үчүн Мексика өкмөтү колунан келгендин баарын жасайт деди ал. Мексиканын саясый ишмерлери Трамптын чечимин катуу сынга алып, Энрике Пенья Ньетого кийинки айда боло турган АКШга сапарын токтотууну сунуштап жатышат. Ал расмий иш сапар учурунда АКШ жана Мексика Президенттери жолгушумак. Ал эми өлкөнүн оппозициялык маанайдагы ишмерлери АКШнын чечимин душмандык катары баалады.

Трамп Мексика менен чек арага дубал тургузуу боюнча чечим кабыл алды

Мунун алдында АКШ Президенти Дональд Трамп шайлоо алдындагы убадаларынын биринин өтөөсүнөн чыгып, Мексика менен чек арага дубал тургузуу боюнча жарлыккка кол койгон. Курулуштун чыгымын кандай болгон күндө да Мексика төлөйт деген пикринен Трамп дале кайта элек.

Президент кол койгон жарлыкка ылайык, мындан ары мыйзамсыз мигранттар ээн-эркин жүргөн шаарларды каржылоого мамлекет акча берүүнү кыскарат.

Чек арага тосмо тургузуу маселесине эми конгрес макулдук бериши керек. Жакынкы күндөрдө Трамп өлкөгө кирген качкындарга убактылуу тыюу салат деп күтүлүп жатат. Ошондой эле Сирия, Йемен, Ирак жана Жакынкы Чыгыштагы бир катар өлкөлөргө жана Африка жарандарына виза берүүнү токтотот.

Дональд Трамп мигранттарга эшик жабууда

Сүрөттүн автордук укугу Reuters
Image caption АКШ менен Мексика чек арасындагы учурдагы тосмо.

"Мен кылып жаткандын баары -Кошмо штаттардын пайдасы үчүн»,-деди Трамп. Мексика менен чек арага дубал тургузулса, транс чек аралык кылмыштуулукка бөгөт коюлуп, бир нече кишинин өмүрүн сактап калат деп ишендирүүдө. Ички коопсуздук кызматкерлерине кайрылуусунда, бул дубал Түштүк Америкадан агылган мигранттарга жана наркокартелдерге бөгөт болот деди.

Ѳткөн жылы Мексика Президенти Энрике Пенья Ньето, АКШга Мексикадан келген мыйзамсыз мигранттар саны мурдагы он жылга салыштырганда кескин кыскарып жатканын белгилеген. Андан сырткары социологдордун иликтөөсү боюнча, мексикалык жарандар арасында соңку жылдары АКШга көчүп келгендерине караганда, мекенине кайра кеткендер көп болуп жатат.

Мыйзамсыз миграцияны токтотуу үчүн 3,2 миң километр дубал тургузуу керек деген идеясын Трамп бир жылдан бери эле активдүү көтөрүп келген. Шайлоо өнөктүгү учурунда да талкууланды. Трмаптын баалоосунда дубалды тургузуу үчүн 12 млрд доллар чыгымдалат.

Ошондой эле Президент Трамп коопсуздук чараларын күчөтүү боюнча директивага кол койду. Кабарларга караганда терроризмге шектүүлөрдү суракка алуу ыкмаларын өзгөртүү жана АКШдан сырткары аймакта Борбордук чалгын кызматынын жышыруун абактарын ачуу маселеси да каралып жатат. (AbA)

Тема боюнча башка макалалар